# КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 10-июнундагы № 256-б (Эл аралык макулдашуулардын долбоорлорун жактыруу тууралуу) буйругу

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 10-июнундагы № 256-б (Эл аралык макулдашуулардын долбоорлорун жактыруу тууралуу) буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 256-р
- Кабыл алынган күнү: 10.06.2016
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 10.06.2016
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/215255>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-15156/edition/721617/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/215255.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 10.06.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 10-июнундагы № 256-б (Эл аралык макулдашуулардын долбоорлорун жактыруу тууралуу) буйругу (10.06.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/215255

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2016-жылдын 10-июну № 256-б

1. Төмөнкү расмий тилде тиркелгендер жактырылсын:

- Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы "Ош шаарындагы суу менен жабдуу жана канализация системаларын реабилитациялоо (II фаза)" долбоору боюнча кредиттик макулдашуунун долбоору;

- Европа союзунун Борбордук Азия үчүн Инвестициялык фондунун (IFCA) каражаттарынан жана Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын Суу фондунун каражаттарынан Европа бирлиги тарабынан берилүүчү инвестициялык грант боюнча Кыргыз Республикасынын жана Ош шаарынын мэриясынын жана "Ошшаарсууканалы" муниципалдык ишканасынын жана Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы Грант жөнүндө макулдашуунун долбоору.

2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрине ушул буйруктун 1-пунктунда аталган макулдашууларга принциптүү эмес мүнөздөгү оңдоолорду киргизүү укугу менен кол коюуга ыйгарым укук берилсин.

3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги "Ош шаарындагы суу менен жабдуу жана канализация системаларын реабилитациялоо (II фаза)" долбоору боюнча грант-элементти эсептөөдө ушул долбоордун алкагында тартылган инвестицияларды эске алсын.

Премьер-министр

С.Жээнбеков
