Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн (Чет өлкөлөрдүн архивдеринен, музейлеринен жана китепканаларынан кыргыздар жана Кыргызстан жөнүндө документтер менен материалдарды табуу жана чогултуу боюнча 2015-2025-жылдарга карата программаны ишке ашыруунун иш-чаралар планын бекитүү тууралу) буйругу
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2016-жылдын 3-июну № 247-б Чет өлкөлөрдүн архивдеринен, музейлеринен жана китепканаларынан Кыргыз Республикасынын тарыхы боюнча документтерди табуу, тарыхый мурастарды кайтаруу жана Кыргыз Республикасында архив ишин өнүктүрүү максатында, "Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 23-декабрындагы № 626-б буйругу менен бекитилген Чет өлкөлөрдүн архивдеринен, музейлеринен жана китепканаларынан кыргыздар жана Кыргызстан жөнүндө документтер менен материалдарды табуу жана чогултуу боюнча 2015-2025-жылдарга карата программаны ишке ашыруунун иш-чаралар планы тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Архив агенттиги ушул буйруктун 1-пункту менен бекитилген Чет өлкөлөрдүн архивдеринен, музейлеринен жана китепканаларынан кыргыздар жана Кыргызстан жөнүндө документтер менен материалдарды табуу жана чогултуу боюнча 2015-2025-жылдарга карата программаны ишке ашыруунун иш-чаралар планын (мындан ары - План) жүзөгө ашыруу боюнча координатору болуп белгиленсин.
3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги:
- Планды ишке ашыруу үчүн финансы каражаттарын бөлүп берүүнү камсыздасын;
- жыл сайын мамлекеттик бюджетти түзүүдө Планды ишке ашыруу үчүн каражаттарды карасын.
4. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги өзүнүн компетенциясынын алкагында Планды ишке ашырууда жумушчу топторго көмөк көрсөтсүн.
5. Ушул буйруктун ишке ашырылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын курулуш, транспорт жана коммуникациялар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр
С.Жээнбеков
Тиркеме Чет өлкөлөрдүн архивдеринен, музейлеринен жана китепканаларынан кыргыздар жана Кыргызстан жөнүндө документтер менен материалдарды табуу жана чогултуу боюнча 2015-2025-жылдарга карата программаны ишке ашыруунун ИШ-ЧАРАЛАР ПЛАНЫ
№
Иш-чаралардын аталыштары
Ишке ашыруу мөөнөтү жана ресурстук камсыздоо (миң сом)
Жооптуу аткаруучулар
1
Документтерди табуу жана чогултуу үчүн жумушчу топторду түзүү
Жыл сайын 15-февралга чейин
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Архив агенттиги
2
Документтерди табуунун жана көчүрүүнүн жумушчу планын даярдоо жана бекитүү
Жыл сайын 15-февралга чейин
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Архив агенттигинин Илимий-усулдук кеңеши
3
Башка мамлекеттердеги документтерди көчүрүү жана Кыргыз Республикасына алып келүү:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Архив агенттигинин финансы ресурстары менен камсыздалышына жараша
Россия Федерациясы
2016-жылы - 2484,5
Россия Федерациясы
2017-жылы - 2484,5
Россия Федерациясы
2018-жылы - 2484,5
Россия Федерациясы
2019-жылы - 3184,5
Россия Федерациясы
2020-жылы - 2484,5
Казакстан Республикасы
2021-жылы - 2593,8
Өзбекстан Республикасы
2022-жылы - 2593,8
Тажикстан Республикасы
2023-жылы - 2593,8
Кытай Эл Республикасы
2024-жылы - 1955,3
Түркия Республикасы
2025-жылы - 1734,2
Бардыгы: 24593,27 (Каржылоо булагы: республикалык бюджет)
4
Жумушчу топтор чет өлкөлүк мекемелерге чыгып иштешин уюштуруу маселелерин чечүү
Финансылык ресурстар менен камсыз болушуна жараша
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Архив агенттиги
5
Документтерди мамлекеттик сактоого өткөрүп берүү
Табылганына жана алып келишине жараша
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Архив агенттиги
6
Документтерди сактоо жана аларды пайдаланууну уюштуруу, алар үчүн илимий-маалымдама аппаратын түзүү
Табылганына жана алып келишине жараша
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Архив агенттиги
7
Чет өлкөлүк мамлекеттерден алып келген документтердин маалымат базасын түзүү жана толуктоо
Табылганына жана алып келишине жараша
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Архив агенттиги
8
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө Программаны ишке ашыруу жөнүндө маалымат берүү
Жыл сайын 1-февралга чейин
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндөЗакон · 22.11.1999 · № 125
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 23-декабрындагы № 626-б (Чет өлкөлөрдүн архивдеринен, музейлеринен жана китепканаларынан кыргыздар жана Кыргызстан жөнүндө…Распоряжение · 23.12.2015 · № 626-р · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон