КР Өкмөтүнүн (Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы Кредиттик макулдашуунун долбоору («Бишкек шаарынын коомдук транспортун өнүктүрүү боюнча долбоорду узартуу») жана «Бишкек шаарынын коомдук транспортун өнүктүрүү боюнча долбоорду узартуу» долбоорунун алкагында ЕРӨБ акционерлеринин атайын фонду тарабынан берилүүчү инвестициялык грант боюнча Кыргыз Республикасы, Бишкек шаарынын мэриясы, Бишкек троллейбус башкармалыгы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы Гранттык макулдашуунун долбоорлорун жактыруу тууралу) буйругу
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2015-жылдын 27-ноябры № 578-б
1. Расмий тилде тиркелген (расмий эмес котормо) төмөнкү долбоорлор жактырылсын:
- Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы Кредиттик макулдашуунун долбоору ("Бишкек шаарынын коомдук транспортун өнүктүрүү боюнча долбоорду узартуу");
- "Бишкек шаарынын коомдук транспортун өнүктүрүү боюнча долбоорду узартуу" долбоорунун алкагында ЕРӨБ акционерлеринин атайын фонду тарабынан берилүүчү инвестициялык грант боюнча Кыргыз Республикасы, Бишкек шаарынын мэриясы, Бишкек троллейбус башкармалыгы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы гранттык макулдашуунун долбоору.
2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрине ушул буйруктун 1-пунктунда аталган макулдашуулардын долбоорлоруна принциптүү эмес мүнөздөгү оңдоолорду киргизүү укугу менен кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги "Бишкек шаарынын коомдук транспортун өнүктүрүү боюнча долбоорду узартуу" долбоору боюнча грант-элементти эсептөөдө бул долбоорго тартылган бардык инвестицияларды эсепке алсын.
Премьер-министр
Т.Сариев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.