# КР Премьер-министринин 2016-жылдын 2-июнундагы № 305 (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын түзүмдүк бөлүмдөрү жөнүндө жоболорун бекитүү тууралуу) буйругу

- Толук аталышы: КР Премьер-министринин 2016-жылдын 2-июнундагы № 305 (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын түзүмдүк бөлүмдөрү жөнүндө жоболорун бекитүү тууралуу) буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 305
- Кабыл алынган күнү: 02.06.2016
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 05.04.2017
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/215226>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-15127/edition/943963/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/215226.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 05.04.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Премьер-министринин 2016-жылдын 2-июнундагы № 305 (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын түзүмдүк бөлүмдөрү жөнүндө жоболорун бекитүү тууралуу) буйругу (05.04.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/215226

---

КР Премьер-министринин 2017-жылдын 26-декабрындагы № 922 буйругуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ БУЙРУК 2016-жылдын 2-июну № 305 (КР Премьер-министринин 2016-жылдын 29-августундагы № 489 буйругунун редакциясына ылайык) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 24-декабрындагы № 338 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппараты жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна ылайык:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын түзүмдүк бөлүмдөрү жөнүндө жоболор 1-20-тиркемелерге ылайык бекитилсин.

(КР Премьер-министринин 2016-жылдын 29-августундагы № 489 буйругунун редакциясына ылайык)

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын түзүмдүк бөлүмдөрү өз иштерин ушул буйрук менен бекитилген жоболорду жетекчиликке алуу менен өз ара байланышта жүргүзүшсүн.

3. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:

- Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2015-жылдын 3-августундагы № 365 буйругу;

- Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2016-жылдын 3-февралындагы № 67 буйругунун 1-пункту.

Премьер-министр

С.Ш. Жээнбеков
