Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн (Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы Мунайды жана мунайзаттарын жөнөтүү чөйрөсүндө кызматташуу жөнүндө макулдашуунун долбоорун жактыруу тууралуу) буйругу
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2016-жылдын 30-майы № 232-б "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8 жана 10-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы Мунайды жана мунайзаттарын жөнөтүү чөйрөсүндө кызматташуу жөнүндө макулдашуунун тиркелген долбоору жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Экономика министрине Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан жогоруда аталган Макулдашууга принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
Премьер-министр
С.Жээнбеков
Долбоор Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосунда Мунайды жана мунайзаттарын жөнөтүү чөйрөсүндө кызматташуу жөнүндө МАКУЛДАШУУ
Мындан ары "Тараптар" деп аталган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия Федерациясынын Өкмөтү, Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын ортосундагы Достук, кызматташтык жана өз ара жардам жөнүндө 1992-жылдын 10-июнундагы келишимде жана Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын ортосундагы Түбөлүк достук, союздаштык жана шериктештик жөнүндө 2000-жылдын 27-июлундагы декларацияда бекитилген стратегиялык кызматташтыкты өнүктүрүүдө эки мамлекеттин узак мөөнөттүү кызыкчылыктарын эске алып, Эркин соода зонасы жөнүндө 2011-жылдын 18-октябрындагы келишимди жетекчиликке алып, мунайды жана мунайзаттарын жөнөтүү чөйрөсүндөгү өз ара пайдалуу кызматташууну тереңдетүүдөгү кызыкчылыктардан улам, төмөнкүлөр тууралуу макулдашышты: 1-берене. Ушул Макулдашуунун максаты Россия Федерациясынан Кыргыз Республикасына мунайды жана мунайзаттарды жөнөтүү чөйрөсүндө Тараптардын кызматташуусунун шарттарын аныктоо болуп саналат. 2-берене. Ушул Макулдашуу боюнча иштерди координациялоону жана ушул Макулдашуунун аткарылышын контролдоону төмөнкү компетенттүү органдар ишке ашырат:
- Россия Тараптан - Россия Федерациясынын Энергетика министрлиги;
- Кыргыз Тараптан - Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги.
Тараптардын компетенттүү органдары өзгөртүлгөн учурларда дипломатиялык каналдар аркылуу бири-бирине токтоосуз кабарландырышат. 3-берене. Тараптардын компетенттүү органдары учурдагы ар бир календардык жылдын 31-декабрына чейин Кыргыз Республикасында кийинки календардык жылга мунайды жана мунайзаттарын (мындан ары - товарлар) ички керектөөнүн көлөмүн жана номенклатурасын макулдашышат жана Кыргыз Республикасынын экономикасынын өсүшүн эске алуучу кийинки календардык жылга алар боюнча индикативдүү балансын (мындан ары - индикативдүү баланс) бекитишет. Кыргыз Тарап үстүбүздөгү жылдын 1-ноябрына чейин Россия Тарапка 9 ай үчүн индикативдик баланстын аткарылгандыгы жана учурдагы календардык жылга алардын күтүлгөн аткарылышы тууралуу маалыматты, ошондой эле кийинки календардык жылга индикативдик баланстарды түзүү үчүн сунуштарды белгиленген тартипте берет. 4-берене. Тараптардын мамлекеттеринин чарбакер субъекттери (резиденттери) тарабынан Россия Федерациясынан Кыргыз Республикасына товарларды жөнөтүү үчүн Тараптар шарттарды түзүшөт. 5-берене.
1. Россия Федерациясынан Кыргыз Республикасына индикативдик баланста көрсөтүлгөн көлөмдө ички керектөө үчүн жөнөтүлүүчү товарларга карата Россия Тарап алып келүүнүн бажы алымдарын албайт.
2. Россия Федерациясынан Кыргыз Республикасына календардык жылы индикативдик баланста каралган көлөмдөн ашыкча алып келинген товарларга карата Россия Федерациясынын мыйзамдарына жана Евразия экономикалык бирлигинин укуктарын түзүүчү бажылык жөнгө салуу чөйрөсүндөгү эл аралык келишимдерге жана актыларга ылайык, Россия Федерациясынын бюджетине алып келүүнүн бажы алымдары төлөнөт.
3. Евразия экономикалык бирлигинин тышкы экономикалык иштеринин бирдиктүү Товардык номенклатурасынын 27-тобундагы товарлар эсепке алуу максатында, алар Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагынан тышкары алып келинген катары Россия Федерациясында бажылык декларацияланууга тийиш.
6-берене.
1. Ушул Макулдашууга ылайык Россия Федерациясында алып келүүнүн бажы алымдары алынмайынча Россия Федерациясынан Кыргыз Республикасына жөнөтүлгөн товарлар үчүнчү өлкөгө реэкспорттолбойт.
Тараптардын компетенттүү органдары үстүбүздөгү календардык жылдын 31-декабрына чейин Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясы жана үчүнчү өлкөлөр менен өз ара соода статистикасына жана товарлардын экспорту (импорту) тууралуу статистиканын маалыматтарын салыштырышат.
2. Ушул беренеде каралган реэкспортко тыюу салуу Кыргыз Республикасына Евразия экономикалык бирлигине мүчө башка мамлекеттерден алынып келген, чыгарылган өлкөсү Россия Федерациясы болуп саналган товарларга да жайылтылат.
3. Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттердин аймагынан Кыргыз Республикасына реэкспорттолгон товарлар ушул товарлар мурда Россия Федерациясынан алып келүү бажы алымдары алынбастан алынып келген болсо, ушул Макулдашуунун алкагында Кыргыз Республикасына Россия Федерациясынын аймагынан алып келүү бажы алымдары алынбастан алынып келген товарлар деп таанылат.
4. Россия Тарап ушул беренеде каралган реэкспорттоого тыюу салууну бузган фактысын белгилеген учурда, Тараптар жана алардын компетенттүү органдары ушул Макулдашуунун 9-беренесинде каралган макулдашуучу жол-жоболорду жүргүзүшөт.
Эгерде мындай жол-жоболордун жүрүшүндө Россия Тарап дипломатиялык каналдар боюнча Кыргыз Тарапка реэкспорттоо фактысы табылгандыгы жөнүндө жазуу жүзүндөгү биринчи билдирүүсүн жиберген күндөн тартып, 2 айдын аралыгында өз ара алгылыктуу сүйлөшүүлөргө жетишпесе, Россия Тарап ушул Макулдашуунун 5-беренесинин 1-пунктунда каралган Кыргыз Республикасына товарларды алымсыз жөнөтүүнү токтотуп коюу укугун өзүнө калтырат. 7-берене. Ушул Макулдашуу күчүнө кирген күндөн тартып Тараптар ушул Макулдашууну ишке ашыруунун алкагында жүзөгө ашырылуучу инвестицияларга карата Тараптар өз ара мамилелеринде кызмат көрсөтүүлөрдү сатуу, инвестицияларды уюштуруу, иштетүү жана жүзөгө ашыруу жөнүндө Протоколдун жоболорун колдонушат (2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимге карата № 16 тиркеме). 8-берене.
1. Ушул Макулдашуунун аткарылышын контролдоо максатында Тараптардын компетенттүү органдары ушул Макулдашуу күчүнө кирген күндөн тартып 2 айдан кечиктирбей өз ара маалымат алмашуунун тартибин макулдашышат, атап айтканда, квартал сайын Тараптардын компетенттүү органдары бири-бирине Кыргыз Республикасында товарларды алып келүүнүн, чыгаруунун, өндүрүүнүн жана ички керектөөнүн көлөмдөрү жөнүндө маалыматтарды беришет.
2. Тараптар өздөрүнүн компетенттүү органдары аркылуу, анын ичинде ушул Макулдашууну аткаруунун алкагында ишке ашырылуучу иштерге тиешелүү болгон өз мамлекеттеринин ченемдик укуктук актыларына карата маалыматтарды өз учурунда алмашууну ишке ашырышат.
9-берене. Тараптардын бири ушул Макулдашуу боюнча милдеттенмелерди аткаруусуна тоскоолдук түзгөн жагдайлар пайда болгон учурда Тараптардын компетенттүү органдары пайда болгон тоскоолдуктарды жоюу жана ушул Макулдашуунун аткарылышын камсыз кылуу боюнча өз ара алгылыктуу чечимдерди кабыл алуу максатында тийиштүү консультацияларды өткөрүшөт. Ушул Макулдашуунун жоболорун чечмелөөдө жана (же) колдонууда Тараптардын ортосундагы, компетенттүү органдардын ортосунда консультация жүргүзүү жолу менен четтетилбеген каршы пикирлер Тараптардын ортосунда сүйлөшүүлөр аркылуу чечилет. 10-берене. Ушул Макулдашууга өзүнчө протокол менен таризделген өзгөртүүлөр киргизилиши мүмкүн. 11-берене.
1. Ушул Макулдашуу белгисиз мөөнөткө түзүлөт жана Тараптар анын күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаргандыгы жөнүндө жазуу жүзүндөгү акыркы билдирүүнү дипломатиялык каналдар боюнча алган күндөн тартып күчүнө кирет.
2. Тараптардын ар бири экинчи Тарапка жазуу жүзүндөгү тиешелүү билдирүүнү жөнөтүү аркылуу ушул Макулдашууну колдонууну токтотууга укуктуу. Мындай учурда аталган билдирүүнү алган күндөн тартып алты ай өткөндөн кийин ушул Макулдашууну колдонуу токтотулат.
3. Ушул Макулдашууну колдонууну токтотуу анын колдонуу мөөнөтүндө түзүлгөн келишимдерде каралган милдеттердин аткарылышына таасирин тийгизбейт.
____________ шаарында 2016-жылдын "__" __________ эки түп нускада, ар бири кыргыз жана орус тилдеринде түзүлдү, ошондой эле бардык тексттер бирдей юридикалык күчкө ээ. Каршы пикирлер пайда болгон учурда, ушул Макулдашуунун жоболорун чечмелөө үчүн орус тилиндеги текст колдонулат.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү үчүн
Россия Федерациясынын Өкмөтү үчүн
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.