Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси - министринин
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН АППАРАТ ЖЕТЕКЧИСИ - МИНИСТР
БУЙРУК 2016-жылдын 15-февралы № 19 Кыргыз Республикасынын Президентинин 2013-жылдын 22-майындагы № 109 "Кыргыз Республикасынын шайлоо системасын өркүндөтүү боюнча иш-чаралар жөнүндө" Жарлыгын ишке ашыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 28-декабрындагы № 635-б буйругу менен түзүлгөн ведомстволор аралык жумушчу топтун чечимин эске алып, Кыргыз Республикасынын жарандарынын электрондук (биометрикалык) паспортторун киргизүү, ошондой эле алардын негизинде заманбап технологияларды пайдалануу менен документтерди жекелештирүүнүн автоматташтырылган системасын түзүү үчүн:
1. Төмөнкүлөр түзүлсүн:
- Кыргыз Республикасынын жарандарынын электрондук (биометрикалык) паспортторунун эскиздерин жана схемалык сүрөттөлүшүн иштеп чыгуу боюнча ведомстволор аралык комиссия, 1 -тиркемеге ылайык;
- Кыргыз Республикасынын жарандарынын электрондук (биометрикалык:) паспортторунун техникалык спецификацияларын иштеп чыгуу боюнча ведомстволор аралык комиссия, 2-тиркемеге ылайык.
2. Ушул буйруктун 1-пунктунда аталган ведомстволор аралык комиссиялар Кыргыз Республикасынын жарандарынын электрондук (биометрикалык) паспортторунун эскиздеринин жана схемалык сүрөттөрүнүн, ошондой эле техникалык спецификацияларынын долбоорлорун иштеп чыгышсын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 28-декабрындагы № 635-б буйругу менен түзүлгөн ведомстволор аралык жумушчу топтун кароосуна белгиленген тартипте киргизишсин.
4. Ушул буйруктун 1-пунктунда аталган ведомстволор аралык комиссиялардын ишин уюштуруучулук жана техникалык камсыздоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматына жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси - министр
Н.С. Момуналиев
1-тиркеме Кыргыз Республикасынын жарандарынын электрондук (биометрикалык) паспортторунун эскиздерин жана схемалык сүрөттөлүшүн иштеп чыгуу боюнча ведомстволор аралык комиссиянын курамы
Акишев Камчыбек Сабырбекович
-
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасынын орун басары, комиссиянын жетекчиси;
Норузбаева Бактыгуль Шабдановна
-
Кыргыз Республикасынын Маданият маалымат жана туризм министрлигинин алдындагы Маалымат жана массалык коммуникациялар департаментинин директору;
Авазханова Гульмира Саякбаевна
-
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Конституциялык мыйзам чыгаруу, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери боюнча комитетинин бөлүмүнүн сектор башчысы (макулдашуу боюнча);
Осмоналиев Улан Сагынбекович
-
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаментинин паспортторду автоматташтырылган түрдө иштеп чыгуу бөлүмүнүн начальниги;
Денисов Роман Викторович
-
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Консулдук кызмат департаментинин 1-катчысы;
Ишенов Эльгиз Болотович
-
Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармасынын маалыматташтыруу жана телекоммуникация бөлүмүнүн референти;
Нурудинов Бакыт Нурудинович
-
Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин ченемдик укуктук актыларынын долбоорлорун иштеп чыгуу жана мыйзам долбоорлорун экспертизалоо боюнча башкармалыгынын башкы адиси;
Камалова Айгуль Эсенбаевна
-
Кыргыз Республикасынын Билим берүу жана илим министрлигинин мектепке чейинки, мектепте жана мектептен тышкары билим берүү башкармалыгынын башкы адиси;
Насыров Эржан Болотович
-
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек араны контролдоо башкармалыгынын улук офицери;
Сарыбаев Чынгыз Абдусатарович
-
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Миграция боюнча мамлекеттик кызматынын качкындар менен иштөө боюнча бөлүмүнүн башкы адиси;
Осмоналиева Асель Сатыбалдиевна
-
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин мамлекеттик сектор бөлүмүнүн жетектөөчү адиси;
Абдрахман уулу Куштарбек
-
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин кызматкери;
Молдошев Искендер Кайратбекович
-
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы «Инфоком» мамлекеттик ишканасынын техникалык колдоо бөлүмүнүн адиси;
Тургунбаев Азамат Кудайбердиевич
-
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы «Инфоком» мамлекеттик ишканасынын программалык камсыздоону иштеп чыгуу бөлүмүнүн адиси;
Чонбашев Асхат Жумашович
-
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун алдындагы «Кыял» элдик көркөм өнөр чеберлеринин улуттук бирикмеси» мамлекеттик ишканасынын башкы сүрөтчүсү;
Абдиев Болоткан Мусаевич
-
Кыргыз Республикасынын улуттук көркөм өнөр академиясынын окуу иштери боюнча проректору (макулдашуу боюнча);
Макашов Рысбек
-
Кыргыз Республикасынын Элдик чеберлер союзунун дизайнери (макулдашуу боюнча).
2-тиркеме Кыргыз Республикасынын жарандарынын электрондук (биометрикалык) паспортторунун техникалык спецификацияларын иштеп чыгуу боюнча ведомстволор аралык комиссиянын курамы
Догоев Дастан Давлетович
-
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасынын орун басары, комиссиянын жетекчиси;
Байтереков Таалай Алымбекович
-
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Электрондук башкаруу борборунун директору;
Абдуллаев Талант Тынычбекович
-
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы «Инфоком» мамлекеттик ишканасынын директору;
Рысбеков Улан Токтогонович
-
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Коомдук коопсуздук башкы башкармалыгынын бөлүмүнүн начальниги;
Отинов Алексей Анатольевич
-
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын чек араны контролдоо башкармалыгынын бөлүмүнүн начальниги;
Жумабаев Улукбек Дуйшеналиевич
-
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин модернизациялоо секторунун башчысы;
Нурудинов Бакыт Нурудинович
-
Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин ченемдик укуктук актыларынын долбоорлорун иштеп чыгуу жана мыйзам долбоорлорун экспертизалоо боюнча башкармалыгынын башкы адиси;
Сарыбаев Чынгыз Абдусатарович
-
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Миграция боюнча мамлекеттик кызматынын качкындар менен иштөө боюнча бөлүмүнүн башкы адиси;
Солтонбеков Хамид Манарбекович
-
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын уюштуруучулук камсыздоо жана мамлекеттик сатып алуулар бөлүмүнүн башкы адиси;
Жайчибеков Алмаз Сапарбекович
-
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин 10-башкы башкармалыгынын улук оперкызматкери;
Ыштыбаев Азамат Каныбекович
-
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин кызматкери;
Абакова Назгуль Белековна
-
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаментинин паспорт иштери, жарандык жана иммиграция боюнча бөлүмүнүн начальниги;
Жуйкова Ольга Васильевна
-
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы «Инфоком» мамлекеттик ишканасынын директорунун кеңешчиси
Хромов Павел Евгеньевич
-
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы «Инфоком» мамлекеттик ишканасынын Мамлекеттик жекелештирүү борборунун маалыматтык технологиялар бөлүмүнүн башчысы;
Рыспеков Эдил Эрлисович
-
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы «Инфоком» мамлекеттик ишканасынын программалык камсыздоо иштеп чыгуу бөлүмүнүн башчысы.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (2)
- КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 28-декабрындагы № 635-б (Ведомстволор аралык жумушчу топтун курамын түзүү тууралуу) буйругуРаспоряжение · 28.12.2015 · № 635-р
- КР Президентинин 2013-жылдын 22-майындагы ПЖ № 109 "Кыргыз Республикасынын шайлоо системасын өркүндөтүү боюнча иш-чаралар жөнүндө" ЖарлыгыУказ · 22.05.2013 · № 109