КР Премьер-министринин (Жумушчу топ түзүү тууралуу) буйругу
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Распоряжение Председателя Кабинета Министров КР от 1 декабря 2023 года № 622 (О признании утратившими силу некоторых распоряжений Премьер-министра Кыргызской Республики, Председателя Кабинета Министров Кыргызской Республики)» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2023-12-01.
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
КР Министрлер Кабинетинин Төрагасынын 2023-жылдын 1-декабрындагы № 622 тескемесине ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ БУЙРУК 2016-жылдын 1-июну № 304 Министрликтердин, административдик ведомстволордун жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн карамагындагы башка уюмдардын штаттык санын оптималдаштыруу боюнча сунуштарды талдоо жүргүзүү жана иштеп чыгуу, кайталануучу функцияларды жоюу жана мамлекеттик аппаратты күтүү чыгымдарын кыскартуу максатында:
1. Тиркемеге ылайык курамдагы жумушчу топ түзүлсүн.
2. Жумушчу топ этап-этабы менен төмөнкүлөрдү жүргүзсүн:
- министрликтердин, административдик ведомстволордун жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн карамагындагы башка уюмдардын, анын ичинде алардын ведомстволук жана аймактык бөлүмдөрүнүн штаттык санынын чегин талдоо;
- бир жылдан ашуун мезгилде ээленбеген бош кызмат орундарын табуу;
- кайталоочу түзүмдүк бөлүмдөрдү табуу;
- мамлекеттик органдардын жетекчилеринин орун басарларынын ашыкча санын табуу;
- мамлекеттик аппаратты күтүүгө кеткен мамлекеттик бюджеттин чыгымдарын кыскартуу боюнча резервдерди табуу.
3. Жүргүзүлгөн иштин жыйынтыктары боюнча министрликтердин, административдик ведомстволордун жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн карамагындагы башка уюмдардын штаттык санын оптималдаштыруу жана мамлекеттик аппаратты күтүү чыгымдарын кыскартуу боюнча сунуштарын киргизсин.
4. Зарылдыгына жараша жумушчу топко:
- министрликтердин жана административдик ведомстволордун адистерин ишке тартуу;
- иш процессинде пайда болгон маселелерди чечүү үчүн мамлекеттик органдардан зарыл болгон маалыматтарды сурап алуу укугу берилсин.
5. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын биринчи орун басарына жүктөлсүн.
Премьер-министр
С.Жээнбеков
Тиркеме Министрликтердин, административдик ведомстволордун жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн карамагындагы башка уюмдардын штаттык санын оптималдаштыруу боюнча сунуштарды иштеп чыгуучу жумушчу топтун КУРАМЫ
Мукамбетов М.К.
-
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчисинин биринчи орун басары, жумушчу топтун жетекчиси;
Аалиев А.К.
-
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредит саясаты бөлүмүнүн башчысы, жумушчу топтун жетекчисинин орун басары;
Шадыбеков К.Б.
-
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын мамлекеттик башкаруу жана кадрдык иштер бөлүмүнүн башчысы, жумушчу топтун жетекчисинин орун басары.
Жумушчу топтун мүчөлөрү:
Сергеева Н.Д.
-
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экспертиза жана укуктук камсыздоо бөлүмүнүн башкы эксперти;
Жалгасова Е.М.
-
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын мамлекеттик башкаруу жана кадрдык иштер бөлүмүнүн эксперти;
Керимкулов К.А.
-
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредит саясаты бөлүмүнүн эксперти;
Амангельдиев Д.Дж.
-
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин мамлекеттик сектордун чыгымдарын пландоо башкармалыгынын начальниги;
Алиев А.М.
-
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин мамлекеттик сектордун чыгымдарын пландоо башкармалыгынын башкы адиси;
Амракулова Ж.Р.
-
Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин эмгек башкармалыгынын башкы адиси;
Сатыбекова А.Э.
-
көз карандысыз эксперт (макулдашуу боюнча);
Третьяков А.В.
-
көз карандысыз эксперт (макулдашуу боюнча).
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (1)
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 15-июлундагы № 315-б (Акча каражат бөлүүнү жөнүндө) буйругуРаспоряжение · 15.07.2016 · № 315-р