# КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 19-майындагы № 221-б (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 11-февралындагы № 33-б буйругуна өзгөртүүлөр киргизүү тууралуу) буйругу

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 19-майындагы № 221-б (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 11-февралындагы № 33-б буйругуна өзгөртүүлөр киргизүү тууралуу) буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 221-р
- Кабыл алынган күнү: 19.05.2016
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 19.05.2016
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/215188>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-15089/edition/728425/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/215188.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 19.05.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 19-майындагы № 221-б (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 11-февралындагы № 33-б буйругуна өзгөртүүлөр киргизүү тууралуу) буйругу (19.05.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/215188

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2016-жылдын 19-майы № 221-б Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 21-декабрындагы № 614 "Кыргыз Республикасынын Президентинин "2008-жылы жазгы талаа жумуштарын жүргүзүүдө айылдык товар өндүрүүчүлөргө мамлекеттик колдоо көрсөтүү жөнүндө" 2007-жылдын 27-ноябрындагы Жарлыгын ишке ашыруу тууралуу" токтомуна ылайык сатып алынган трактор чиркегичтерин сатуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 11-февралындагы № 33-б буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- 1-пунктундагы "жана белгиленген тартипте трактор чиркегичтерин товардык насыя предмети катары "Айыл-Банк" ачык акционердик коомуна өткөрүп берсин" деген сөздөр алып салынсын;

- 2-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин алдындагы Экономиканы өнүктүрүүнүн мамлекеттик фонду Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 18-ноябрындагы № 656 "Мамлекеттик зайымдык каражаттарды бөлүүнүн, эсепке алуунун жана кайтарууну камсыз кылуунун механизмдерин өркүндөтүү жөнүндө" токтому менен бекитилген Мамлекеттик зайымдык каражаттарды бөлүүнүн, эсепке алуунун жана кайтарууну камсыз кылуунун тартиби жөнүндө жобого ылайык 2ПТС-4-793А-03А маркасындагы 16 трактор чиркегичин Кыргыз Республикасынын айыл чарба субъекттерине төмөнкү шарттарда тиешелүү кредиттик документтерди тариздөө менен товардык кредит катары андан ары берүү үчүн иштеди жүргүзсүн:

- төлөө мөөнөтү - 5 жыл;

- жеңилдетилген мезгил - 6 ай;

- күрөөлүк камсыздоо менен.".

Премьер-министр

С.Жээнбеков
