# КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 19-майындагы № 220-б (Автотранспорт каражатын мамлекеттик менчикке кабыл алуу тууралуу) буйругу

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 19-майындагы № 220-б (Автотранспорт каражатын мамлекеттик менчикке кабыл алуу тууралуу) буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 220-р
- Кабыл алынган күнү: 19.05.2016
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 19.05.2016
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/215187>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-15088/edition/729013/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/215187.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 19.05.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 19-майындагы № 220-б (Автотранспорт каражатын мамлекеттик менчикке кабыл алуу тууралуу) буйругу (19.05.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/215187

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2016-жылдын 19-майы № 220-б Нарын облусунун Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясынын материалдык-техникалык базасын чыңдоо максатында, "Кыргыз Республикасында бажылык жөнгө салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы Бириккен Улуттар Уюмунун Кыргыз Республикасындагы Өнүктүрүү программасынын Өкүлчүлүгүнүн арызынын негизинде 1998-жылы чыгарылган, кыймылдаткычынын № 1619700002110, кузовунун № 144629, кочкул-жашыл түстөгү "Daewoo Musso" маркасындагы автотранспорт каражатын мамлекеттин пайдасына баш тартуунун бажылык жол-жобосунда тариздөөнү жүргүзсүн.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд белгиленген тартипте ушул буйруктун 1-пунктунда аталган автотранспорт каражатын мамлекеттик менчикке кабыл алсын жана аны Нарын облусунун Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясынын ыкчам башкаруусуна өткөрүп берсин.

3. Нарын облусунун Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясы белгиленген тартипте:

- ушул буйруктун 1-пунктунда аталган автотранспорт каражатын ыкчам башкарууга кабыл алсын;

- ушул буйруктун 1-пунктунда аталган автотранспорт каражатынын наркын баалоону жүргүзсүн.

4. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын уюштуруу-инспектордук иштер жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу бөлүмүнө жүктөлсүн.

Премьер-министр

С.Жээнбеков
