Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн буйругуна өзгөртүү киргизүү тууралу) буйругу
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2016-жылдын 10-майы № 197-б Бишкек шаарында 2014-жылдын 24-июнунда кол коюлган, Кыргыз Республикасынын 2014-жылдын 9-июлундагы № 126 Мыйзамы менен ратификацияланган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Польша Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы байланышкан жардамдын негизинде насыя берүү жөнүндө макулдашуунун алкагында бөлүнгөн кредиттик каражаттарды колдонуу чөйрөсүн кеңейтүү жана натыйжалуу пайдалануу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 22-апрелиндеги № 173-б буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- 4-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"4. "Айыл Банк" ачык акционердик коому лизингди жана польша ишкерлери менен контракттарды каржылоого кредиттерди Кыргыз Республикасынын ишкердик субъекттерине төмөнкү шарттарда берсин:
а) лизингдин жана кредиттин максаттуу багыты - айыл чарба техникаларын, тамак-аш, кайра иштетүү ишканалары үчүн өнөр жай жабдууларын, айыл чарба жана даяр тамак-аш продукцияларын сактоочу логистикалык борборлор (сактоочу жайлар, кампалар) үчүн жабдууларды, продукцияларды сорттоочу жана таңгактоочу жабдууларды, айыл чарба малынын асыл тукум породаларын жана алардын урук материалдарын, айыл чарба өсүмдүктөрүнүн уруктарын жана көчөттөрүн, айыл чарба жана даяр тамак-аш продукцияларын сатуу түйүндөрү үчүн жабдууларды, айыл чарба жана даяр тамак-аш продукцияларын сактоо үчүн логистикалык борборлорду (сактоочу жайларды, кампаларды) куруу боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу;
б) максаттуу топ - лизингдин жана кредиттин максаттуу багытына, ошондой эле "Айыл Банк" ачык акционердик коомунун ченемдик талаптарына жана Кыргыз Республикасынын банк мыйзамдарына туура келүүчү айыл чарба өндүрүүчүлөрү, тамак-аш жана кайра иштетүү ишканалары жана башка ишкердик субъекттер;
в) лизингдин жана кредиттин мөөнөтү - 7 (жети) жылга чейин;
г) пайыздык ставкасы - Кыргыз Республикасынын улуттук валютасы менен жылдык 9 (тогуз) пайыз;
д) баштапкы милдеттүү минималдуу салым:
- лизинг боюнча - лизинг предметинин наркынан 10 (он) пайыз;
- кредит боюнча - контракттын наркынан 5 (беш) пайыз;
е) күрөөлүк камсыздоо:
- лизинг боюнча - лизинг алуучу тарабынан милдеттүү минималдуу баштапкы салым лизинг предметинин наркынан 30 (отуз) пайыз өлчөмүндө төлөнгөн учурда лизинг предметинин өзү кошумча күрөө мүлкүн берүүсүз төлөөнүн кепилдиги катары чыгышы мүмкүн;
- кредит боюнча - "Айыл Банк" ачык акционердик коомунун ченемдик талаптарына жана Кыргыз Республикасынын банк мыйзамдарына ылайык;
ж) лизингге алынган техниканы камсыздандыруу жана камсыздандыруучу компанияларды тандоо лизинг алуучулардын кат жүзүндөгү макулдугу менен ыктыярдуу түрдө жүргүзүлөт.
Төлөөнүн мөөнөтү өткөн мезгил үчүн төлөмдөрдүн графиги бузулган учурда "Айыл Банк" ачык акционердик коому төлөмдөрдүн мөөнөтү өткөн мезгил үчүн коммерциялык пайыздык ставкаларды колдонууга укуктуу.".
Премьер-министр
С.Жээнбеков
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (3)
- КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 22-апрелиндеги № 170-б (Кыргыз Республикасынын 2014-жылдын 9-июлундагы № 126 Мыйзамы менен ратификацияланган, Бишкек шаарында 2014-жылдын 24-июнунда кол…Распоряжение · 22.04.2015 · № 173-р
- 2014-жылдын 24-июнунда Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Польша Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы байланышкан жардамдын алкагында насыя берүү…Закон · 09.07.2014 · № 126
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон