# КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 20-апрелиндеги № 177-б (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 18-сентябрындагы № 400-б буйругуна өзгөртүү киргизүү тууралуу) буйругу

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 20-апрелиндеги № 177-б (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 18-сентябрындагы № 400-б буйругуна өзгөртүү киргизүү тууралуу) буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 177-р
- Кабыл алынган күнү: 20.04.2016
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 20.04.2016
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/215131>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-15032/edition/1142974/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/215131.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 20.04.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 20-апрелиндеги № 177-б (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 18-сентябрындагы № 400-б буйругуна өзгөртүү киргизүү тууралуу) буйругу (20.04.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/215131

---

КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 11-февралындагы № 57-т тескемесине ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2016-жылдын 20-апрели № 177-б Кадрдык өзгөрүүлөргө байланыштуу, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 18-сентябрындагы № 400-б буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин: Жогоруда аталган буйрук менен түзүлгөн "CASA-1000" долбоору боюнча даярдык иш-чараларын координациялоо боюнча жумушчу топтун курамы ушул буйруктун тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.

Премьер-министр

С.Жээнбеков

Тиркеме "CASA-1000" долбоору боюнча даярдык иш-чараларын координациялоо боюнча жумушчу топтун КУРАМЫ

Джунушалиев Туратбек Шаршенкулович

\-

Кыргыз Республикасынын Экономика министринин орун басары, жумушчу топтун жетекчиси;

Абасканов Нурбек Эсенканович

\-

"Улуттук энергетикалык холдинг компаниясы" ачык акционердик коомунун башкармасынын төрагасынын орун басары, жумушчу топтун жетекчисинин орун басары.

Жумушчу топтун мүчөлөрү:

Орозбеков Алымбек Асылбекович

\-

Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин Инвестициялар жана МЖӨ башкармалыгынын начальниги;

Анарбаев Анвар Арсланович

\-

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Тышкы саясатты талдоо, пландоо жана координациялоо департаментинин директору;

Оскомбаев Марат Салмурзаевич

\-

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Мамлекеттик инвестициялар жана техникалык жардам программалары бөлүмүнүн башчысы;

Жээнбеков Марат Арынбекович

\-

Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин отун-энергетикалык комплексинин долбоорлорун ишке ашыруу боюнча бөлүмүнүн башкы адиси;

Боркоев Бердибек Калыбекович

\-

"Электр станциялар" ачык акционердик коомунун башкы директорунун биринчи орун басары (макулдашуу боюнча);

Тюменбаев Акылбек Рабаевич

\-

"Кыргызстан улуттук электр тармагы" ачык акционердик коомунун долбоорлорду ишке ашыруу боюнча аткаруучу директору (макулдашуу боюнча);

Попов Леонид Григорьевич

\-

"Кыргызстан улуттук электр тармагы" ачык акционердик коомунун долбоорлорду ишке ашыруу тобунун эксперт-энергетиги (макулдашуу боюнча);

Усеков Нурдин Насрединович

\-

"Электр станциялар" ачык акционердик коомунун энергияны сатуу бөлүмүнүн энергияны экспорттоо секторунун начальниги (макулдашуу боюнча);

Джумалиев Кайрат Насерович

\-

"CASA-1000" долбоорунун координатору (макулдашуу боюнча);

Иманкулова Жанна Сатовна

\-

"Улуттук энергетикалык холдинг компаниясы" ачык акционердик коомунун эл аралык кызматташуу жана долбоорлорду мониторингдөө секторунун башчысы (макулдашуу боюнча).".
