# КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 4-апрелиндеги № 136-б (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 20-январындагы № 10-б буйругуна өзгөртүү киргизүү тууралу) буйругу

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 4-апрелиндеги № 136-б (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 20-январындагы № 10-б буйругуна өзгөртүү киргизүү тууралу) буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 136-р
- Кабыл алынган күнү: 04.04.2016
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 13.06.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/215115>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-15016/edition/710303/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/215115.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.06.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 4-апрелиндеги № 136-б (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 20-январындагы № 10-б буйругуна өзгөртүү киргизүү тууралу) буйругу (13.06.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/215115

---

КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 13-июнундагы № 481-т тескемесине ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2016-жылдын 4-апрели № 136-б Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 20-январындагы № 10-б буйругуна төмөнкүдөй толуктоолор жана өзгөртүү киргизилсин: жогоруда аталган буйрук менен бекитилген Этил спиртин медициналык, ветеринардык, техникалык жана башка максаттарда пайдалануучу атайын керектөөчүлөрдүн жана субъекттердин тизмегинде:

- "Медициналык максатта этил спиртин пайдалануучу субъекттер" I бөлүмү:

- "Жалал-Абад облусунун дарылоо-алдын алуу мекемелери" 3-главасы төмөнкүдөй мазмундагы 55, 56, 57 жана 58-пункттар менен толукталсын:

"55. Аксы стоматологиялык бейтапканасы

56. Майлуу-Суу стоматологиялык бейтапканасы

57. Октябрь оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борбору

58. Токтогул стоматологиялык бейтапканасы";

- "Ош облусунун саламаттык сактоо уюмдары" 7-главасы:

- 21-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"21. Ош адистештирилген ооруканасы";

- төмөнкүдөй мазмундагы 59, 60 жана 61-пункттар менен толукталсын:

"59. Алай стоматологиялык бейтапканасы

60. Араван стоматологиялык бейтапканасы

61. Кара- Кулжа стоматологиялык бейтапканасы";

- "Дары-дармек каражаттарын жана медициналык багыттагы буюмдарды жергиликтүү өндүрүүчүлөр" 10-главасы төмөнкүдөй мазмундагы 13-пункт менен толукталсын:

"13. "Арония фарм" жоопкерчилиги чектелген коому";

- "Техникалык жана башка максаттарда этил спиртин пайдалануучу субъекттер" III бөлүмү төмөнкүдөй мазмундагы 72-пункт менен толукталсын:

"72. "Кыргыз Алко Трейд" жоопкерчилиги чектелген коому".

Премьер-министр

Т.А. Сариев
