# КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 25-мартындагы № 127-б (Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тарых музейин реконструкциялоо тууралу) буйругу

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 25-мартындагы № 127-б (Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тарых музейин реконструкциялоо тууралу) буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 127-р
- Кабыл алынган күнү: 25.03.2016
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 02.05.2017
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/215109>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-15010/edition/818488/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/215109.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 02.05.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 25-мартындагы № 127-б (Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тарых музейин реконструкциялоо тууралу) буйругу (02.05.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/215109

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2016-жылдын 25-марты № 127-б (КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 26-апрелиндеги № 131-б, 2017-жылдын 2-майындагы № 133-б буйруктарынын редакцияларына ылайык) Тарыхый-маданий мурас объекттеринин сакталышын, корголушун жана ар тараптан натыйжалуу пайдаланылышын камсыз кылуу максатында, Бишкек шаарында 2016-жылдын 24-мартында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркия Республикасынын Премьер-министринин Аппаратына караштуу Түрк кызматташтык жана координация агенттигинин ортосундагы протоколго, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык: (КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 26-апрелиндеги № 131-б буйругунун редакциясына ылайык)

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги:

- Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тарых музейин (мындан ары - Музей) жарыш долбоорлоо жана реконструкциялоо боюнча бирдиктүү заказчы болсун;

- белгиленген тартипте Музейди реконструкциялоонун жумушчу долбоорун адаптациялоону жүргүзсүн;

- Түркия Республикасынын Премьер-министринин Аппаратына караштуу Түрк кызматташтык жана координация агенттиги (мындан ары - ТИКА) менен бирге Музейди капиталдык оңдоонун биринчи этабын аяктасын.

- Музейди долбоорлоо жана капиталдык оңдоо үчүн башкы подрядчы уюмду аныктоо боюнча ведомстволор аралык конкурстук комиссия түзсүн.

(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 26-апрелиндеги № 131-б, 2017-жылдын 2-майындагы № 133-б буйруктарынын редакцияларына ылайык)

2. Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги:

- реконструкциялоо жүргүзүү убагында Музейди 2016-жылдын 25-мартынан тартып 2017-жылдын сентябрына чейин келүүчүлөр үчүн жапсын;

- ТИКА тарабынан берилген жардамдын эсебинен лениндик тематика боюнча шыпка тартылган сүрөттөрдү, барельефтерди, айкелдерди жана айкелдик композицияларды демонтаждоо боюнча иш-чараларды жүргүзсүн.

- жаңы экспозициянын Концепциясы жана тематикалык түзүмү бекитилсин;

- жаңы экспозицияны Концепцияга ылайык жайгаштыруу уюштурулсун.

(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 26-апрелиндеги № 131-б буйругунун редакциясына ылайык)

3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги:

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги тарабынан берилген сметага ылайык акча каражатын издеп тапсын;

- "Кыргыз Республикасынын 2017-жылга республикалык бюджети жана 2018-2019-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун белгиленген тартипте киргизсин;

- тиешелүү оңдоолор кабыл алынганга чейин ушул буйруктан келип чыгуучу Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинин параметрлерин өзгөртүүнү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет жана финансы боюнча комитети менен макулдашсын.

(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 2-майындагы № 133-б буйругунун редакциясына ылайык)

4. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги Музейди реконструкциялоо мезгилинде Музейдин имаратын жана аймагын кайтарууну камсыз кылсын.

5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 30-мартындагы № 135-б буйругу күчүн жоготту деп таанылсын.

6. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын курулуш, транспорт жана коммуникациялар, билим берүү, маданият жана спорт бөлүмдөрүнө жүктөлсүн.

Премьер-министр

Т. А. Сариев
