# Кыргыз Республикасынын Президентинин 2001-жылдын 2-майынан "Кыргыз Республикасында аймактык коомдук өз алдынча башкаруу органдарынын ролун жана жоопкерчилигин жогорулатуу боюнча чаралар жөнүндө" ПУ №151 Указы

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Президентинин 2001-жылдын 2-майынан "Кыргыз Республикасында аймактык коомдук өз алдынча башкаруу органдарынын ролун жана жоопкерчилигин жогорулатуу боюнча чаралар жөнүндө" ПУ №151 Указы
- Актынын түрү: Указ
- Номери: 151
- Кабыл алынган күнү: 02.05.2001
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 31.05.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/2151>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5-123/edition/285399/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/2151.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.05.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Президентинин 2001-жылдын 2-майынан "Кыргыз Республикасында аймактык коомдук өз алдынча башкаруу органдарынын ролун жана жоопкерчилигин жогорулатуу боюнча чаралар жөнүндө" ПУ №151 Указы (31.05.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/2151

---

КР Президентинин 2022-жылдын 31-майындагы ПЖ № 172 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

Бишкек ш., Өкмөт Үйү

2001-жылдын 2-майы ПУ N 151

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН УКАЗЫ

Кыргыз Республикасында аймактык коомдук өз алдынча башкаруу

органдарынын ролун жана жоопкерчилигин жогорулатуу боюнча

чаралар жөнүндө

Аймактык коомдук өз алдынча башкаруу органдарынын жигердүүлүгүн

жана демилгесин, микроаймактардын калкынын күндөлүк турмуштук

маселелерин чечүүдө алардын ролун, өз алдынчалуулугун жана

жоопкерчилигин жогорулатуу максатында токтом кылам:

1. Аймактык коомдук өз алдынча башкаруу органдарынын ишин ар

тараптан жакшыртуу жана өркүндөтүү Кыргыз Республикасында жергиликтүү

өз алдынча башкарууну реформалоонун жањы этабынын негизги багыттарынын

бири деп эсептелсин.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү эки айлык мөөнөттө Кыргыз

Республикасынын Президентине караштуу жергиликтүү өз алдынча

башкарууну реформалоону колдоо боюнча Комиссиянын, Кыргыз

Республикасынын жергиликтүү жаматтарынын Конгрессинин сунуштарын карап

чыксын жана төмөнкүдөй жоболорду кабыл алсын:

– Кыргыз Республикасындагы аймактык коомдук өз алдынча башкаруу

органдары жөнүндө;

– аймактык коомдук өз алдынча башкаруу органдары менен милдеттүү

түрдө алдын ала макулдашылуучу аймактарды өнүктүрүү маселелеринин

тизмесин бекитүү жөнүндө;

– аймактык коомдук өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлери

менен активисттеринин материалдык жана моралдык кызыгуусун жогорулатуу

боюнча чаралар жөнүндө.

3. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү мамлекеттик

администрацияларынын жана жергиликтүү өз алдынча башкарууларынын

башчылары аймактык коомдук өз алдынча башкаруу органдарынын ишинин

натыйжалуулугун жогорулатуу, аймактык коомдук өз алдынча башкаруу

органдарынын кызматкерлери менен активисттеринин материалдык жана

моралдык кызыгуусун стимулдаштыруу боюнча иш-чараларды иштеп чыксын.

4. Жергиликтүү бийлик органдарынын иш практикасына аймактык

коомдук өз алдынча башкаруу органдарынын ишинин жыйынтыгын чыгаруу

менен алардын активисттеринин жана кызматкерлеринин ар жылдык

чогулуштарын өткөрүү киргизилсин.

5. Бул Указдын аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз

Республикасынын Президентинин Администрациясынын уюштуруу иштер жана

мамлекеттик башкаруу саясаты бөлүмүнө жүктөлсүн.

6. Бул Указ жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти А.Акаев
