# КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 18-мартындагы № 114-б (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 4-сентябрындагы № 378-б буйругуна өзгөртүү киргизүү тууралу) буйругу

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 18-мартындагы № 114-б (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 4-сентябрындагы № 378-б буйругуна өзгөртүү киргизүү тууралу) буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 114-р
- Кабыл алынган күнү: 18.03.2016
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 18.03.2016
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/215098>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-14999/edition/1142942/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/215098.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.03.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 18-мартындагы № 114-б (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 4-сентябрындагы № 378-б буйругуна өзгөртүү киргизүү тууралу) буйругу (18.03.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/215098

---

КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 11-февралындагы № 57-т тескемесине ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2016-жылдын 18-марты № 114-б Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 4-сентябрындагы № 378-б буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизилсин:

- 2-пунктундагы "мамлекеттик комитеттин" деген сөздөр "мамлекеттик комитеттердин" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

- 5-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"5. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана инвестициялар бөлүмүнө, коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Соттук өкүлчүлүк борборуна жүктөлсүн.";

- жогоруда аталган буйрук менен бекитилген тиркеменин биринчи абзацы "Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри" деген сөздөрдөн мурун "Мамлекеттик мүлк объекттерин башкаруу боюнча мамлекеттик саясаттын маселелерин координациялоочу" деген сөздөр менен толукталсын.

Премьер-министр

Т.А. Сариев
