# КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 26-февралындагы № 73-б (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылга мыйзам долбоорлоо иштеринин планын бекитүү тууралу) буйругу

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 26-февралындагы № 73-б (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылга мыйзам долбоорлоо иштеринин планын бекитүү тууралу) буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 73-р
- Кабыл алынган күнү: 26.02.2016
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 06.10.2016
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/215096>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-14997/edition/777099/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/215096.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.10.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 26-февралындагы № 73-б (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылга мыйзам долбоорлоо иштеринин планын бекитүү тууралу) буйругу (06.10.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/215096

---

КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 23-январындагы № 15-б буйругуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2016-жылдын 6-октябры № 418-б

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 26-февралындагы № 73-б буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

жогоруда аталган буйрук менен бекитилген 2016-жылга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мыйзам долбоорлоо иштеринин планында:

- 2 жана 14-пункттары күчүн жоготту деп таанылсын;

- 19-пунктунун "Долбоорду Өкмөттүн Аппаратына киргизүү мөөнөтү" графасында "III" деген цифра "IV" деген цифра менен алмаштырылсын;

- 36-пунктунун "Мыйзам долбоорлорунун аталышы" графасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине, "Нотариат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө".

Премьер-министр

С.Ш. Жээнбеков
