# КР Премьер-министринин (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Терминологиялык комиссиянын курамын бекитүү жөнүндө) буйругу

- Толук аталышы: КР Премьер-министринин (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Терминологиялык комиссиянын курамын бекитүү жөнүндө) буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 158
- Кабыл алынган күнү: 06.04.2016
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 01.12.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/215090>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-14991/edition/710253/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/215090.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 01.12.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Премьер-министринин (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Терминологиялык комиссиянын курамын бекитүү жөнүндө) буйругу (01.12.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/215090

---

КР Министрлер Кабинетинин Төрагасынын 2023-жылдын 1-декабрындагы № 622 тескемесине ылайык

КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ БУЙРУК 2016-жылдын 6-апрели № 158 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 3-февралындагы № 41-б буйругу менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Терминологиялык комиссия жөнүндө жобонун 4-пунктун көңүлгө алып, кыргыз тилинин терминологиясын иштеп чыгуу, бирдейлештирүү жана бекитүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 18-беренесине ылайык: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Терминологиялык комиссиянын курамы тиркемеге ылайык бекитилсин.

Премьер-министр

Т.А. Сариев

Тиркеме Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Терминологиялык комиссиянын КУРАМЫ

Мусаев Сыртбай Жолдошевич

\-

Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын мүчө-корреспонденти, комиссиянын төрагасы, филология илимдеринин доктору (макулдашуу боюнча);

Абдысадыр уулу Азат

\-

Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын актыларды чыгаруу секторунун башчысы, комиссиянын төрагасынын орун басары (макулдашуу боюнча).

Комиссиянын мүчөлөрү:

Медералиев Жумабек Аскеевич

\-

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратынын котормо жана редакциялоо бөлүмүнүн башчысы (макулдашуу боюнча);

Кадыров Ысмайыл Кадырович

\-

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экспертиза жана укуктук камсыздоо бөлүмүнүн лингвистикалык экспертиза секторунун башчысы;

Абдувалиев Ибраим Абдувалиевич

\-

Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Ч.Айтматов атындагы Тил жана адабият институтунун жетектөөчү илимий кызматкери, филология илимдеринин доктору (макулдашуу боюнча);

Усакпаева Гүлзат Каныбековна

\-

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун администрациялык жана экономикалык иштер боюнча соттук коллегиясынын ишин камсыз кылуу бөлүмүнүн башчысы (макулдашуу боюнча);

Турдукожоев Жыргалбек Шаршеевич

\-

Кыргыз азиздер жана дүлөйлөр коомунун төрагасынын орун басары (макулдашуу боюнча);

Бактыгулов Кадаңбай Бактыгулович

\-

коомдук ишмер, техника илимдеринин кандидаты (макулдашуу боюнча);

Нурушев Эсенбай

\-

журналист, коомдук ишмер (макулдашуу боюнча);

Курманбекова Гүлбүбү Токтосуновна

\-

Кыргыз-түрк "Манас" университетинин профессору, биология илимдеринин доктору (макулдашуу боюнча);

Молдоканов Аалы

\-

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясынын котормо, терминология жана жарнама бөлүмүнүн башчысы (макулдашуу боюнча).
