# КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 3-мартындагы № 83-б (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 30-октябрындагы № 430-б буйругуна толуктоолор киргизүү тууралуу) буйругу

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 3-мартындагы № 83-б (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 30-октябрындагы № 430-б буйругуна толуктоолор киргизүү тууралуу) буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 83-р
- Кабыл алынган күнү: 03.03.2016
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 03.03.2016
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/215055>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-14956/edition/1142910/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/215055.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 03.03.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 3-мартындагы № 83-б (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 30-октябрындагы № 430-б буйругуна толуктоолор киргизүү тууралуу) буйругу (03.03.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/215055

---

КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 11-февралындагы № 57-т тескемесине ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2016-жылдын 3-марты № 83-б Кыргыз Республикасынын Президентинин 2013-жылдын 10-апрелиндеги № 74 Жарлыгы менен бекитилген Кыргыз Республикасында элдин биримдигин жана этностор аралык мамилелерди чыңдоо концепциясын ишке ашыруу максатында, этностор аралык кагылышуулардын эртерээк алдын алуу жана болтурбоо боюнча системалык ишти андан ары күчөтүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 30-октябрындагы № 430-б буйругуна төмөнкүдөй толуктоолор киргизилсин: жогоруда аталган буйрук менен бекитилген Кыргыз Республикасында элдин биримдигин жана этностор аралык мамилелерди чыңдоо концепциясын ишке ашыруу боюнча 2013-2017-жылдар мезгилине биринчи кезектеги иш-чаралар планында:

- 6-пунктунда:

"Аткаруу мөөнөтү" графасы "2015-жыл" деген цифралар жана сөздөн кийин "2016-жыл" деген цифралар жана сөз менен толукталсын; "Каржылоо булагы (миң сом)" графасы "4300" деген цифралардан кийин "4300" деген цифралар менен толукталсын.

Премьер-министр

Т.А. Сариев
