# КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 2-мартындагы № 81-б (Мамлекеттик мүлктү өткөрүп берүү тууралуу) буйругу

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 2-мартындагы № 81-б (Мамлекеттик мүлктү өткөрүп берүү тууралуу) буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 81-р
- Кабыл алынган күнү: 02.03.2016
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 02.03.2016
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/215053>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-14954/edition/705084/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/215053.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 02.03.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 2-мартындагы № 81-б (Мамлекеттик мүлктү өткөрүп берүү тууралуу) буйругу (02.03.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/215053

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2016-жылдын 2-марты № 81-б Мамлекеттин мүлкүн натыйжалуу пайдалануу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы "Инфоком" мамлекеттик ишканасы Бишкек шаары, Камская көчөсү, 6 дарегинде жайгашкан имараттын биринчи кабатындагы жалпы аянты 506,8 чарчы метр болгон жайды жана цоколдук кабатындагы жалпы аянты 431,8 чарчы метрди түзгөн жайды Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармасына белгиленген тартипте өткөрүп берсин.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 4-сентябрындагы № 376-б буйругу күчүн жоготту деп таанылсын.

3. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын курулуш, транспорт жана коммуникациялар бөлүмүнө жүктөлсүн.

Премьер-министр

Т.А. Сариев
