# КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 1-мартындагы № 77-б (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 30-мартындагы 110-б буйругуна өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү тууралуу) буйругу

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 1-мартындагы № 77-б (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 30-мартындагы 110-б буйругуна өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү тууралуу) буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 77-р
- Кабыл алынган күнү: 01.03.2016
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 01.03.2016
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/215051>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-14952/edition/704469/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/215051.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 01.03.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 1-мартындагы № 77-б (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 30-мартындагы 110-б буйругуна өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү тууралуу) буйругу (01.03.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/215051

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2016-жылдын 1-марты № 77-б Бийликтин аткаруу бутагынын системасындагы түзүмдүк жана функционалдык өзгөртүүлөргө байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 5-ноябрындагы № 11-VI "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн түзүмү жөнүндө" токтомуна, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 30-мартындагы № 110-б буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:

- жогоруда аталган буйрук менен бекитилген Чек ара маселелери боюнча Өкмөттүк комиссия жөнүндө жободо:

5-пунктунда:

- биринчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри, Комиссиянын төрагасы;";

- үчүнчү абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчисинин биринчи орун басары рангындагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чек ара маселелери боюнча атайын өкүлү, Комиссиянын төрагасынын орун басары;";

- төртүнчү, сегизинчи жана он экинчи абзацтар күчүн жоготту деп таанылсын;

- төмөнкүдөй мазмундагы он төртүнчү абзац менен толукталсын:

"Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик коргоо иштери боюнча комитетинин төрагасы;";

- төмөнкүдөй мазмундагы он жетинчи абзац менен толукталсын;

"Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик миграция кызматынын төрагасы;"; 7-пунктундагы "чек араларды делимитациялоо маселелери боюнча" деген сөздөр "чек ара маселелери боюнча" деген сөздөр менен алмаштырылсын.

Премьер-министр

Т.А. Сариев
