КР Өкмөтүнүн (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 110-б буйругуна өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү тууралуу) буйругу
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2016-жылдын 1-марты № 77-б Бийликтин аткаруу бутагынын системасындагы түзүмдүк жана функционалдык өзгөртүүлөргө байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 5-ноябрындагы № 11-VI "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн түзүмү жөнүндө" токтомуна, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 30-мартындагы № 110-б буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
- жогоруда аталган буйрук менен бекитилген Чек ара маселелери боюнча Өкмөттүк комиссия жөнүндө жободо:
5-пунктунда:
- биринчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри, Комиссиянын төрагасы;";
- үчүнчү абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчисинин биринчи орун басары рангындагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чек ара маселелери боюнча атайын өкүлү, Комиссиянын төрагасынын орун басары;";
- төртүнчү, сегизинчи жана он экинчи абзацтар күчүн жоготту деп таанылсын;
- төмөнкүдөй мазмундагы он төртүнчү абзац менен толукталсын:
"Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик коргоо иштери боюнча комитетинин төрагасы;";
- төмөнкүдөй мазмундагы он жетинчи абзац менен толукталсын;
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик миграция кызматынын төрагасы;"; 7-пунктундагы "чек араларды делимитациялоо маселелери боюнча" деген сөздөр "чек ара маселелери боюнча" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
Премьер-министр
Т.А. Сариев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (3)
- Распоряжение Правительства КР от 30 марта 2000 года №110-р (Об утверждении Положения о Правительственной комиссии по пограничным вопросам и состава Правительственной комиссии по…Распоряжение · 30.03.2000 · № 110-р
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон
- КР Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 5-ноябрындагы № 11-VI "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн түзүмү жөнүндө" токтомуПостановление · 05.11.2015 · № 11-VI · Күчүн жоготкон