# КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 19-февралындагы № 67-б (Айылдык товар өндүрүүчүлөргө мамлекеттик колдоо көрсөтүү тууралу) буйругу

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 19-февралындагы № 67-б (Айылдык товар өндүрүүчүлөргө мамлекеттик колдоо көрсөтүү тууралу) буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 67-р
- Кабыл алынган күнү: 19.02.2016
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 19.02.2016
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/215047>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-14948/edition/704461/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/215047.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 19.02.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 19-февралындагы № 67-б (Айылдык товар өндүрүүчүлөргө мамлекеттик колдоо көрсөтүү тууралу) буйругу (19.02.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/215047

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2016-жылдын 19-февралы № 67-б Айылдык товар өндүрүүчүлөргө мамлекеттик колдоо көрсөтүү, айыл чарба жумуштарын жүргүзүүдө аларды минералдык жер семирткичтер менен камсыздоо максатында, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун "Азык-түлүк программасынын" атайын эсебиндеги калдык каражаттарды эске алып, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:

1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги белгиленген тартипте:

- Өзбекстан Республикасынан минералдык жер семирткичтерди сатып алуу чыгымдарын финансылоону караган "Кыргыз Республикасынын 2016-жылга республикалык бюджети жана 2017-2018-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө киргизсин;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун "Азык-түлүк программасынын" атайын эсебиндеги каражаттарынын 132,4 млн. сом суммадагы калдыгын пайдалануу жөнүндө маселени Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет жана финансы боюнча комитети менен 2016-жылга бюджетке өзгөртүү киргизгенге чейин макулдашсын.

2. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредит саясаты бөлүмүнө, агроөнөр жай комплекси жана экология бөлүмүнө жүктөлсүн.

Премьер-министр

Т.А. Сариев
