Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн (Товардын Кыргыз Республикасында чыкканын символдоштуруучу бирдиктүү логотиптин (эмблеманын) дизайнын эң мыкты иштеп чыгууга республикалык конкурс уюштуруу тууралу) буйругу
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2016-жылдын 12-февралы № 55-б Кыргыз Республикасында өндүрүлгөн товарлардын жана продукциялардын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу жана алга жылдыруу, аларды сатуу көлөмүн көбөйтүү максатында, "Кыргыз Республикасындагы ички соода жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги:
- товардын Кыргыз Республикасында чыкканын символдоштуруучу бирдиктүү логотиптин (эмблеманын) дизайнын эң мыкты иштеп чыгууга республикалык конкурс уюштурсун (мындан ары - бирдиктүү логотип);
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү менен биргеликте бирдиктүү логотипти пайдалануу менен товарларды жана продукцияларды маркалоодо жана чекене соодага коюуда бирдиктүү логотипти жайылтуу жана пайдалануу боюнча ишкерлердин арасында үзгүлтүксүз иш жүргүзсүн.
2. Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги:
- ата мекендик товар өндүрүүчүлөрдүн товарларын алга жылдырууда колдоо көрсөтүү боюнча жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялоолорду жайгаштыруу жолу менен кеңири пропагандалоону, ата мекендик товарларды өндүрүү жана сатуу менен иштеген ата мекендик компаниялардын жана ишканалардын өкүлдөрүнүн интервьюларын, маалыматтык билдирүүлөрүн элге жеткирүүнүн мамлекеттик каражаттарында берүүнү уюштурсун;
- ата мекендик өндүрүүчүлөрдү колдоо боюнча маалыматтык компанияларды өткөрүү менен байланышкан чыгымдар бюджеттен тышкары каражаттардын эсебинен жүргүзүлсүн.
3. Сунушталсын:
- жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына ата мекендик өндүрүүчүлөрдүн товарларын сатуу үчүн чекене сооданын соода объекттеринде шарттарды түзүүдө ишкерлерге көмөк көрсөтүү;
- соода объекттеринин жетекчилерине ата мекендик товарлардын таанылышын жогорулатуу жана идентификациялоо үчүн "Кыргызстандын товарлар" көрнөгүн пайдалануу менен атайын секцияларга ата мекендик өндүрүштүн товарларын коюу.
4. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана инвестициялар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр
Т.А. Сариев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 1
Шилтеме берет (1)
- Кыргыз Республикасындагы ички соода жөнүндөЗакон · 20.03.2002 · № 40
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.