# КР Премьер-министринин 2016-жылдын 27-январындагы № 39 (Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2015-жылдын 14-июлундагы № 313 буйругуна өзгөртүүлөр киргизүү тууралуу) буйругу

- Толук аталышы: КР Премьер-министринин 2016-жылдын 27-январындагы № 39 (Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2015-жылдын 14-июлундагы № 313 буйругуна өзгөртүүлөр киргизүү тууралуу) буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 39
- Кабыл алынган күнү: 27.01.2016
- Редакциянын күнү: 08.09.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/215033>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-14934/edition/1280897/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/215033.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 08.09.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Премьер-министринин 2016-жылдын 27-январындагы № 39 (Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2015-жылдын 14-июлундагы № 313 буйругуна өзгөртүүлөр киргизүү тууралуу) буйругу (08.09.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/215033

---

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын 2023-жылдын 8-сентябрындагы № 466 тескемесине ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ БУЙРУК 2016-жылдын 27-январы № 39 Кадрдык өзгөрүүлөргө байланыштуу, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 18-беренесине ылайык: Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2015-жылдын 14-июлундагы № 313 буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Отун-энергетикалык комплексин жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттигинин коллегия мүчөлөрүнүн курамына Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын өнөр жай, отун-энергетикалык комплекси жана кен пайдалануу бөлүмүнүн башчысы А.И.Акматалиев киргизилсин;

- коллегия мүчөлөрүнүн курамынан Т.Ш.Джунушалиев чыгарылсын;

- "Энергетика жана өнөр жай" деген сөздөр "Экономика" деген сөз менен алмаштырылсын.

Премьер-министр

Т.А. Сариев
