# КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 16-февралындагы № 58-б ("Эйр Кыргызстан" ачык акционердик коомунун акцияларын сатуу боюнча инвестициялык конкурсту даярдоо жана өткөрүү тууралуу) буйругу

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 16-февралындагы № 58-б ("Эйр Кыргызстан" ачык акционердик коомунун акцияларын сатуу боюнча инвестициялык конкурсту даярдоо жана өткөрүү тууралуу) буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 58-р
- Кабыл алынган күнү: 16.02.2016
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 16.02.2016
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/215012>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-14913/edition/701688/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/215012.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 16.02.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 16-февралындагы № 58-б ("Эйр Кыргызстан" ачык акционердик коомунун акцияларын сатуу боюнча инвестициялык конкурсту даярдоо жана өткөрүү тууралуу) буйругу (16.02.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/215012

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2016-жылдын 16-февралы № 58-б Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 29-июнундагы № 5408-V токтому менен бекитилген 2015-2017-жылдарга Кыргыз Республикасында мамлекеттик менчикти менчиктештирүү программасын ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик менчикти менчиктештирүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 15-статьясына, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонд:

- "Эйр Кыргызстан" ачык акционердик коомунун акцияларынын 49 пайызын сатуу боюнча инвестициялык конкурсту белгиленген тартипте даярдасын жана өткөрсүн;

- Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги менен биргеликте Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык конкурстун шарттарын, милдеттенмелердин тизмесин, ошондой эле милдеттенмелерди ишке ашыруу мөөнөттөрүн бир айлык мөөнөттө иштеп чыксын;

- "Эйр Кыргызстан" ачык акционердик коомунун акцияларынын 49 пайызын сатуу боюнча инвестициялык конкурсту өткөрүү үчүн ушул пункттун 3-абзацында көрсөтүлгөн документтерди белгиленген тартипте бекитсин.

2. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана инвестициялар бөлүмүнө жүктөлсүн.

Премьер-министр

Т.А. Сариев
