# КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 10-февралындагы № 50-б (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 31-майындагы 237-б буйругуна өзгөртүү киргизүү тууралуу) буйругу

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 10-февралындагы № 50-б (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 31-майындагы 237-б буйругуна өзгөртүү киргизүү тууралуу) буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 50-р
- Кабыл алынган күнү: 10.02.2016
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 10.02.2016
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/215010>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-14911/edition/944070/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/215010.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 10.02.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 10-февралындагы № 50-б (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 31-майындагы 237-б буйругуна өзгөртүү киргизүү тууралуу) буйругу (10.02.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/215010

---

КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 18-апрелиндеги № 107-б буйругуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2016-жылдын 10-февралы № 50-б Кадрдык өзгөрүүлөргө байланыштуу, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 31-майындагы № 237-б буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

- жогоруда аталган буйрук менен бекитилген Кыргыз Республикасында администрациялык-аймактык реформалоо концепциясын ишке ашыруу боюнча координациялык кеңештин курамы ушул буйруктун тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.

2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 4-апрелиндеги № 129-б буйругу;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 25-декабрындагы № 599-б буйругу;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 29-декабрындагы № 607-б буйругунун 3-пункту;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 6- сентябрындагы № 359-б буйругу;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 19-майындагы № 165-б буйругу;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 8-декабрындагы № 561-б буйругу.

Премьер-министр

Т.А. Сариев

Тиркеме "Тиркеме Кыргыз Республикасында администрациялык-аймактык реформалоо концепциясын ишке ашыруу боюнча координациялык кеңештин КУРАМЫ

Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри, Координациялык кеңештин төрагасы; Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин "Ата-мекен" фракциясынын лидери, Координациялык кеңештин тең төрагасы (макулдашуу боюнча); Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси - министр, Координациялык кеңештин төрагасынын орун басары; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин директору, Координациялык кеңештин төрагасынын орун басары. Координациялык кеңештин мүчөлөрү: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана региондук өнүктүрүү боюнча комитетинин төрагасы (макулдашуу боюнча); Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин төрагасынын орун басары (макулдашуу боюнча); Кыргыз Республикасынын юстиция министри; Кыргыз Республикасынын финансы министри; Кыргыз Республикасынын экономика министри; Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин төрагасы (макулдашуу боюнча); Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору; Кыргыз Республикасынын Улуттук стратегиялык изилдөөлөр институтунун директору; Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Мамлекеттик башкаруу академиясынын ректору (макулдашуу боюнча); Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү (макулдашуу боюнча); Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчисинин биринчи орун басары; Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын мамлекеттик жана аймактык башкаруу жана кадрдык иш бөлүмүнүн башчысы (макулдашуу боюнча); Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчисинин орун басары рангындагы уюштуруу-инспектордук иштер жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу бөлүмүнүн башчысы; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын мамлекеттик башкаруу жана кадрдык иштер бөлүмүнүн башчысы; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын уюштуруу-инспектордук иштер жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу бөлүмүнүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу секторунун башчысы; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү; Бишкек шаарынын мэри (макулдашуу боюнча); Ош шаарынын мэри (макулдашуу боюнча); Кыргыз Республикасынын Чүй облусундагы Ысык-Ата районунун Логвиненко айыл өкмөтүнүн башчысы (макулдашуу боюнча); Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруулар союзунун директору (макулдашуу боюнча); көз карандысыз эксперт (макулдашуу боюнча)."
