# 9-статья. Партиянын аталышы жана символдору

- Документ: [Саясий партиялар жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/215)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 12-июнундагы № 50 "Саясий партиялар жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 50
- Кабыл алынган күнү: 12.06.1999
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 21.10.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 21 января 2025 года № 17 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в религиозной сфере"](https://aqlex.ai/kg/doc/230021241)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/215#diff=898936..25476>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/215/st-9>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-202/edition/898936/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/215/st-9.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 21.10.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Саясий партиялар жөнүндө, 9-статья (21.10.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/215/st-9

---

Партиянын аталышы, анын кыскартылган аты жана символикасы Кыргыз Республикасында катталган башка партиялардын аталышынан жана символикасынан айырмаланып турууга тийиш. Өзүнүн аталышын өзгөртүүдө партиялар мыйзамдарда белгиленген тартипте кайра каттоодон өтүүгө тийиш. Партиялардын символ катарындагы эмблемалары, желектери, гимни, желекчелери жана төш белгилери болот. Символдор ушул Мыйзамдын 3-статьясынын экинчи бөлүгүндө көрсөтүлгөн максаттарды пропагандалоого кызмат кылбоого тийиш. Шайлоо алдындагы үгүт иштерин жүргүзүүдө партиянын аталышында диний тематикадан түздөн-түз жана кыйыр түрдө алынгандарды же шилтемелерди камтыган маалыматтардын (сүрөттөрдүн) бөлүктөрүн жана элементтерин чагылдырууга жана үгүт материалдарында башкача пайдаланууга жол берилбейт. (Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 21-январындагы № 17 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [8-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/215/st-8)  
Кийинки берене: [10-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/215/st-10)
