# 8-статья. Саясий партиянын уставы

- Документ: [Саясий партиялар жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/215)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 12-июнундагы № 50 "Саясий партиялар жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 50
- Кабыл алынган күнү: 12.06.1999
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 21.10.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/215/st-8>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-202/edition/898936/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/215/st-8.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 21.10.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Саясий партиялар жөнүндө, 8-статья (21.10.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/215/st-8

---

Саясий партиянын жалпыга маалым болгон уставы болууга тийиш. Уставда: саясий партиянын аталышы, анын турган жери; саясий партиянын структурасы, аны түзүүнүн тартиби, анын жетекчи органдарынын компетенциясы жана ыйгарым укуктарынын мөөнөтү; конференцияларды, курултайларды чакыруу мөөнөттөрү; саясий партиянын мүчөлүгүнө кабыл алуунун жана андан чыгуунун шарттары жана тартиби; саясий партиянын мүчөлөрүнүн укуктары жана милдеттери; чечимдерди кабыл алуунун, аларды жүзөгө ашыруунун тартиби жана контролдук кылуунун түрлөрү; саясий партиянын каражаттарын жана башка мүлкүн түзүүнүн булактары; саясий партиянын уставына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүүнүн тартиби; саясий партиянын ишин токтотуунун тартиби жана анын мүлкүнүн кандай болоору чагылдырылат. Уставда саясий партиялардын ишине таандык кылынган жана Кыргыз Республикасынын Конституциясына жана Кыргыз Республикасынын тиешелүү мыйзамдарына карама-каршы келбеген башка жоболор каралышы мүмкүн.

---

Мурунку берене: [7-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/215/st-7)  
Кийинки берене: [9-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/215/st-9)
