8-статья. Саясий партиянын уставы
Күчүндө · 21.10.2025 редакциясы
Саясий партиянын жалпыга маалым болгон уставы болууга тийиш. Уставда: саясий партиянын аталышы, анын турган жери; саясий партиянын структурасы, аны түзүүнүн тартиби, анын жетекчи органдарынын компетенциясы жана ыйгарым укуктарынын мөөнөтү; конференцияларды, курултайларды чакыруу мөөнөттөрү; саясий партиянын мүчөлүгүнө кабыл алуунун жана андан чыгуунун шарттары жана тартиби; саясий партиянын мүчөлөрүнүн укуктары жана милдеттери; чечимдерди кабыл алуунун, аларды жүзөгө ашыруунун тартиби жана контролдук кылуунун түрлөрү; саясий партиянын каражаттарын жана башка мүлкүн түзүүнүн булактары; саясий партиянын уставына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүүнүн тартиби; саясий партиянын ишин токтотуунун тартиби жана анын мүлкүнүн кандай болоору чагылдырылат. Уставда саясий партиялардын ишине таандык кылынган жана Кыргыз Республикасынын Конституциясына жана Кыргыз Республикасынын тиешелүү мыйзамдарына карама-каршы келбеген башка жоболор каралышы мүмкүн.
Берененин тексти 21.10.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
8-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (1)
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.2021
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/215/st-8" title="8-статья - Саясий партиялар жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>