# 3-статья. Саясий партияларды түзүүнүн жана ишинин максаттары менен принциптери

- Документ: [Саясий партиялар жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/215)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 12-июнундагы № 50 "Саясий партиялар жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 50
- Кабыл алынган күнү: 12.06.1999
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 21.10.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 21 января 2025 года № 17 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в религиозной сфере"](https://aqlex.ai/kg/doc/230021241)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/215#diff=898936..25476>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/215/st-3>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-202/edition/898936/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/215/st-3.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 21.10.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Саясий партиялар жөнүндө, 3-статья (21.10.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/215/st-3

---

Саясий партиялар калктын белгилүү бир бөлүгүнүн саясий эркин ишке ашыруу максатында түзүлөт жана мамлекеттик башкаруу иштерине: Жогорку Кеңешке, мамлекеттик кызматтарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына шайлоо үчүн өздөрүнүн талапкерлерин көрсөтүү; өкүлчүлүктүү органдарда фракцияларды түзүү түрүндө катышууну негизги максаты катары коюшат. Кыргыз Республикасынын конституциялык түзүлүшүн кулатуу, күч менен өзгөртүү, эгемендүүлүгүнүн кедерин кетирүү жана анын аймагынын бүтүндүгүн бузуу, согушту, зордук-зомбулукту жана ырайымсыздыкты пропагандалоо, социалдык, расалык, улуттук жана диний чыр-чатакты жана кастыкты тутандыруу, Кыргыз Республикасынын конституциялык түзүлүшүнө каршы келген жана эл аралык укуктун жалпы таанылган ченемдерине коошпогон башка жосундарды жасоо максатын көздөгөн саясий партияларды түзүүгө жана алардын ишине жол берилбейт. Кыргыз Республикасынын аймагында төмөнкүлөргө жол берилбейт: чет мамлекеттердин саясий партияларын, ошондой эле алардын бөлүмдөрүн түзүүгө жана алардын иштөөсүнө; диний негизде саясий партияларды түзүүгө, ошондой эле саясий партиялардын диний ишке катышуусуна. (Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 21-январындагы № 17 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [2-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/215/st-2)  
Кийинки берене: [4-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/215/st-4)
