# 20-статья. Финансылык отчеттуулук

- Документ: [Саясий партиялар жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/215)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 12-июнундагы № 50 "Саясий партиялар жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 50
- Кабыл алынган күнү: 12.06.1999
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 21.10.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 21 октября 2025 года № 225 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики по вопросам отчетности отдельных некоммерческих организаций"](https://aqlex.ai/kg/doc/230033465)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/215#diff=25476..40269>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/215/st-20>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-202/edition/898936/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/215/st-20.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 21.10.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Саясий партиялар жөнүндө, 20-статья (21.10.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/215/st-20

---

Саясий партиялардын финансылык отчеттуулугу Кыргыз Республикасынын бухгалтердик эсеп чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт. Саясий партиянын кирешелеринин өлчөмдөрү жана түзүмү, ошондой эле мүлкүнүн өлчөмдөрү жана курамы, анын чыгымдары жөнүндө маалыматтар коммерциялык сырдын предмети боло албайт. Кайтарымсыз негизде берилген акчалай жана материалдык каражаттардын эсебинен иш жүргүзгөн саясий партия жыл сайын 1-апрелге чейин ыйгарым укуктуу салык органынын сайтына акча каражаттарын түзүү булактары, аларды чыгымдоо багыттары жөнүндө өткөн жыл үчүн жыйынды маалыматтарды, ошондой эле сатып алынган, пайдаланылган жана ээликтен ажыратылган мүлк жөнүндө маалыматтарды жайгаштырат. Маалыматты жайгаштыруу формасы жана тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат. (КР 2025-жылдын 21-октябрындагы № 225 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [19-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/215/st-19)  
Кийинки берене: [21-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/215/st-21)
