# 18-статья. Саясий партиялардын менчиги

- Документ: [Саясий партиялар жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/215)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 12-июнундагы № 50 "Саясий партиялар жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 50
- Кабыл алынган күнү: 12.06.1999
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 21.10.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/215/st-18>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-202/edition/898936/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/215/st-18.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 21.10.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Саясий партиялар жөнүндө, 18-статья (21.10.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/215/st-18

---

Саясий партиялардын жана алардын уюмдарынын менчигинде кыймылсыз жана кыймылдуу мүлк, жабдуулар, шаймандар, басмалар, басмаканалар, ошондой эле уставдык милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон башка мүлк болушу мүмкүн. Партиялар юридикалык же жеке жактар менен түзүлгөн ссуда же ижара жөнүндө келишимге ылайык имараттарды жана башка мүлктү пайдаланууга укуктуу. Партияларга курал-жаракты, жарылуучу заттарды жана коомдун коопсуздугуна жана экологияга, ошондой эле жарандардын өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч келтирген башка материалдарды өзүндө кармоого, жыйнап коюуга жана сактоого тыюу салынат.

---

Мурунку берене: [17-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/215/st-17)  
Кийинки берене: [19-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/215/st-19)
