# 15-статья. Саясий партиянын ишин токтотуу жана аны таратуу

- Документ: [Саясий партиялар жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/215)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 12-июнундагы № 50 "Саясий партиялар жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 50
- Кабыл алынган күнү: 12.06.1999
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 21.10.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/215/st-15>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-202/edition/898936/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/215/st-15.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 21.10.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Саясий партиялар жөнүндө, 15-статья (21.10.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/215/st-15

---

Саясий партиянын ишин токтотуу кайра уюштуруу (биригүү, кошулуу, бөлүнүү) же жоюу аркылуу жүргүзүлүшү мүмкүн. Саясий партияны кайра уюштуруу анын курултайынын (конференциясынын) чечими боюнча жүзөгө ашырылат. Кайра уюштуруудан кийин жаңы түзүлгөн саясий партияны каттоо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат. Саясий партияны жоюу анын курултайынын (конференциясынын) чечими боюнча жүзөгө ашырылат. Саясий партия тарабынан ушул Мыйзамдын 3-статьясынын экинчи бөлүгүндө каралган аракеттер жасалган учурда, ал соттун чечими боюнча таратылат. Саясий партияны таратуу жөнүндө сунуш Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги тарабынан берилет.

IV ГЛАВА. САЯСИЙ ПАРТИЯЛАРДЫ КАРЖЫЛОО ЖАНА МАТЕРИАЛДЫК КАМСЫЗДОО

---

Мурунку берене: [14-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/215/st-14)  
Кийинки берене: [16-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/215/st-16)
