# 14-статья. Саясий партиянын ишин токтото туруу

- Документ: [Саясий партиялар жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/215)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 12-июнундагы № 50 "Саясий партиялар жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 50
- Кабыл алынган күнү: 12.06.1999
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 21.10.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/215/st-14>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-202/edition/898936/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/215/st-14.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 21.10.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Саясий партиялар жөнүндө, 14-статья (21.10.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/215/st-14

---

Саясий партияны каттаган мамлекеттик орган анын уставында аныкталган максаттардын жана милдеттердин чегинен чыккан же мыйзамды бузган аракеттерди жасагандыгы үчүн бул партиянын ишин эки айга чейинки мөөнөткө токтото алат. Мындай учурда саясий партияга бардык массалык маалымат каражаттарынан пайдаланууга, пропаганда жана үгүт жүргүзүүгө, митингдерди, демонстрацияларды жана башка массалык иш-чараларды уюштурууга, шайлоого катышууга тыюу салынат. Ошондой эле анын эмгек келишимдери боюнча эсептешүүлөрдөн, анын ишинин натыйжасында келтирилген зыяндардын ордун толтуруудан жана жазапулдарды төлөөдөн башка, банктык салымдардан пайдалануу укугу да токтотулат. Көрсөтүлгөн мөөнөт аяктагандан жана укук бузуулар четтетилгенден кийин саясий партиянын иши кайра улантылат.

---

Мурунку берене: [13-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/215/st-13)  
Кийинки берене: [15-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/215/st-15)
