14-статья. Саясий партиянын ишин токтото туруу
Күчүндө · 21.10.2025 редакциясы
Саясий партияны каттаган мамлекеттик орган анын уставында аныкталган максаттардын жана милдеттердин чегинен чыккан же мыйзамды бузган аракеттерди жасагандыгы үчүн бул партиянын ишин эки айга чейинки мөөнөткө токтото алат. Мындай учурда саясий партияга бардык массалык маалымат каражаттарынан пайдаланууга, пропаганда жана үгүт жүргүзүүгө, митингдерди, демонстрацияларды жана башка массалык иш-чараларды уюштурууга, шайлоого катышууга тыюу салынат. Ошондой эле анын эмгек келишимдери боюнча эсептешүүлөрдөн, анын ишинин натыйжасында келтирилген зыяндардын ордун толтуруудан жана жазапулдарды төлөөдөн башка, банктык салымдардан пайдалануу укугу да токтотулат. Көрсөтүлгөн мөөнөт аяктагандан жана укук бузуулар четтетилгенден кийин саясий партиянын иши кайра улантылат.
Берененин тексти 21.10.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
14-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеге шилтеме бергендер
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/215/st-14" title="14-статья - Саясий партиялар жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>