# 13-статья. Саясий партиялар жөнүндө мыйзамдарды бузгандык үчүн жоопкерчилик

- Документ: [Саясий партиялар жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/215)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 12-июнундагы № 50 "Саясий партиялар жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 50
- Кабыл алынган күнү: 12.06.1999
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 21.10.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/215/st-13>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-202/edition/898936/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/215/st-13.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 21.10.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Саясий партиялар жөнүндө, 13-статья (21.10.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/215/st-13

---

Ушул Мыйзамды бузгандык үчүн жоопкерчилик Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык белгиленет. Саясий партия тарабынан анын уставында белгиленген максаттарынын жана милдеттеринин чегинен чыккан же колдонуудагы мыйзамдарга ылайык келбеген аракеттер жасалган учурда, бул партиянын жетекчи органына Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги тарабынан кат жүзүндө эскертүү берилиши мүмкүн. Партиянын жетекчи органы Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин эскертүүсүндө белгиленген саясий партиялар жөнүндө мыйзамдардын бузулушун четтетүү үчүн көрүлгөн чаралар жөнүндө бир айлык мөөнөттө билдирет.

---

Мурунку берене: [12-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/215/st-12)  
Кийинки берене: [14-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/215/st-14)
