# 12-статья. Мамлекеттин саясий партиялар менен мамилелердеги укук тары жана милдеттери

- Документ: [Саясий партиялар жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/215)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 12-июнундагы № 50 "Саясий партиялар жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 50
- Кабыл алынган күнү: 12.06.1999
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 21.10.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/215/st-12>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-202/edition/898936/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/215/st-12.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 21.10.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Саясий партиялар жөнүндө, 12-статья (21.10.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/215/st-12

---

Мамлекет саясий партиялардын укуктарынын жана мыйзамдуу таламдарынын сакталышын, Кыргыз Республикасынын Конституциясына жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык алардын өздөрүнүн уставдык милдеттерин аткарышы үчүн бирдей укуктук шарттарды түзүүнү гарантиялайт. Мыйзамда каралгандан башка учурларда мамлекеттик органдардын жана кызмат адамдарынын саясий партиялардын ишине кийлигишүүсүнө жол берилбейт. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги партиянын жетекчи органдарынан саясий партиянын уставынын бузулушуна байланыштуу маселелер боюнча түшүнүк берүүнү талап кылууга укуктуу.

---

Мурунку берене: [11-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/215/st-11)  
Кийинки берене: [13-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/215/st-13)
