# 11-статья. Саясий партиялардын укуктары жана милдеттери

- Документ: [Саясий партиялар жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/215)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 12-июнундагы № 50 "Саясий партиялар жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 50
- Кабыл алынган күнү: 12.06.1999
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 21.10.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/215/st-11>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-202/edition/898936/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/215/st-11.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 21.10.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Саясий партиялар жөнүндө, 11-статья (21.10.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/215/st-11

---

Партиялар өздөрүнүн программалык документтеринде, башка актыларында аныкталган максаттарын жана милдеттерин жүзөгө ашыруу үчүн: өз максаттары жана иши жөнүндө маалыматтарды эркин таратууга, мыйзамда белгиленген тартипте массалык маалымат каражаттарын уюштурууга, митингдерди, демонстрацияларды, чогулуштарды жана башка массалык иш-чараларды өткөрүүгө; ыктыярдуу башталыштарда саясий блокторго, бирликтерге, бирикмелерге биригүүгө; Кыргыз Республикасынын Президентин, Жогорку Кеңешке жана башка шайлануучу органдарга шайлоого катышууга; мамлекеттик органдардын чечимдерди иштеп чыгышына демократиялык жол менен таасир көрсөтүүгө; Кыргыз Республикасынын Президентинин кызматына талапкер катары өз талапкерлерин көрсөтүүгө; Жогорку Кеңешке жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына шайлоо үчүн өз талапкерлерин партиялык бирдиктүү тизме боюнча көрсөтүүгө, шайлоо алдында үгүт жүргүзүүгө, колдоо көрсөтүү тобун түзүүгө; ушул Мыйзамда жана Кыргыз Республикасынын башка мыйзам актыларында каралган башка функцияларды жүзөгө ашырууга укуктуу. Партиянын жетекчи органдары милдеттүү түрдө Кыргыз Республикасынын аймагында болууга тийиш.

---

Мурунку берене: [10-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/215/st-10)  
Кийинки берене: [12-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/215/st-12)
