11-статья. Саясий партиялардын укуктары жана милдеттери
Күчүндө · 21.10.2025 редакциясы
Партиялар өздөрүнүн программалык документтеринде, башка актыларында аныкталган максаттарын жана милдеттерин жүзөгө ашыруу үчүн: өз максаттары жана иши жөнүндө маалыматтарды эркин таратууга, мыйзамда белгиленген тартипте массалык маалымат каражаттарын уюштурууга, митингдерди, демонстрацияларды, чогулуштарды жана башка массалык иш-чараларды өткөрүүгө; ыктыярдуу башталыштарда саясий блокторго, бирликтерге, бирикмелерге биригүүгө; Кыргыз Республикасынын Президентин, Жогорку Кеңешке жана башка шайлануучу органдарга шайлоого катышууга; мамлекеттик органдардын чечимдерди иштеп чыгышына демократиялык жол менен таасир көрсөтүүгө; Кыргыз Республикасынын Президентинин кызматына талапкер катары өз талапкерлерин көрсөтүүгө; Жогорку Кеңешке жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына шайлоо үчүн өз талапкерлерин партиялык бирдиктүү тизме боюнча көрсөтүүгө, шайлоо алдында үгүт жүргүзүүгө, колдоо көрсөтүү тобун түзүүгө; ушул Мыйзамда жана Кыргыз Республикасынын башка мыйзам актыларында каралган башка функцияларды жүзөгө ашырууга укуктуу. Партиянын жетекчи органдары милдеттүү түрдө Кыргыз Республикасынын аймагында болууга тийиш.
Берененин тексти 21.10.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
11-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/215/st-11" title="11-статья - Саясий партиялар жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>