# КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 1-февралындагы № 37-б (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 11-сентябрындагы № 389-б буйругуна өзгөртүү киргизүү тууралуу) буйругу

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 1-февралындагы № 37-б (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 11-сентябрындагы № 389-б буйругуна өзгөртүү киргизүү тууралуу) буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 37-р
- Кабыл алынган күнү: 01.02.2016
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 06.12.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/214994>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-14895/edition/699411/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/214994.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.12.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 1-февралындагы № 37-б (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 11-сентябрындагы № 389-б буйругуна өзгөртүү киргизүү тууралуу) буйругу (06.12.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/214994

---

КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 6-декабрындагы № 781-т тескемесине ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2016-жылдын 1-февралы № 37-б Кадрдык өзгөрүүлөргө байланыштуу, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 11-сентябрындагы № 389-б буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

- жогоруда аталган буйрук менен түзүлгөн Ичүүчү суу менен камсыздоо, саркынды сууларды чыгаруу жана санитария чөйрөсүндөгү инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу боюнча координациялык комиссиянын курамы ушул буйруктун тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.

Премьер-министр

Т.А. Сариев

Тиркеме

"Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 11-сентябрындагы № 389-б буйругуна 1-тиркеме

Ичүүчү суу менен камсыздоо, саркынды сууларды чыгаруу жана санитария чөйрөсүндөгү инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу боюнча координациялык комиссиянын КУРАМЫ

Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри, Координациялык комиссиянын төрагасы; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору, Координациялык комиссиянын төрагасынын орун басары. Координациялык комиссиянын мүчөлөрү: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана региондук өнүгүү боюнча комитетинин төрагасынын орун басары (макулдашуу боюнча); Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары; Кыргыз Республикасынын экономика министринин орун басары; Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министринин орун басары; Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин төрагасынын орун басары (макулдашуу боюнча); Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин алдындагы Ичүүчү суу менен камсыздоону жана саркынды сууларды чыгарууну өнүктүрүү департаментинин директору; Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө департаментинин директору; Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлигине караштуу Суу чарба жана мелиорация департаментинин директору; Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруулар союзунун аткаруучу директору (макулдашуу боюнча); Республикалык ичүүчү сууну керектөөчүлөр союзунун аткаруучу директору (макулдашуу боюнча).".
