# КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 26-январындагы № 27-б (Автотранспорт каражатты мамлекеттин менчигине кабыл алуу тууралуу) буйругу

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 26-январындагы № 27-б (Автотранспорт каражатты мамлекеттин менчигине кабыл алуу тууралуу) буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 27-р
- Кабыл алынган күнү: 26.01.2016
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 26.01.2016
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/214987>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-14888/edition/696446/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/214987.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 26.01.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 26-январындагы № 27-б (Автотранспорт каражатты мамлекеттин менчигине кабыл алуу тууралуу) буйругу (26.01.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/214987

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2016-жылдын 26-январы № 27-б Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин алдындагы Социалдык камсыз кылуу департаментинин материалдык-техникалык базасын чыңдоо максатында, "Кыргыз Республикасында бажылык жөнгө салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы Бириккен Улуттар Уюмунун Кыргыз Республикасындагы Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын арызынын негизинде 2008-жылы чыгарылган, кузовунун № JNICJUD22Z0092616, кыймылдаткычынын № QD32260041, ак түстөгү "Ниссан Пикап" маркасындагы автотранспорт каражатын "мамлекеттин пайдасына баш тартуу" бажылык жол-жобосунда тариздесин.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд белгиленген тартипте:

- ушул буйруктун 1-пунктунда аталган автотранспорт каражатын мамлекеттин менчигине кабыл алсын;

- ушул буйруктун 1-пунктунда аталган автотранспорт каражатын Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин алдындагы Социалдык камсыз кылуу департаментине ыкчам башкарууга өткөрүп берсин.

3. Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин алдындагы Социалдык камсыз кылуу департаменти ушул буйруктун 1-пунктунда аталган автотранспорт каражатын белгиленген тартипте ыкчам башкарууга кабыл алсын жана наркын бааласын.

4. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.

Премьер-министр

Т.А. Сариев
