# КР Премьер-министринин 2016-жылдын 19-январындагы № 26 (Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөттүк делегациясынын топографиялык-жерге жайгаштыруу жумушчу тобун Тажикстан Республикасына жиберүү тууралуу) буйругу

- Толук аталышы: КР Премьер-министринин 2016-жылдын 19-январындагы № 26 (Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөттүк делегациясынын топографиялык-жерге жайгаштыруу жумушчу тобун Тажикстан Республикасына жиберүү тууралуу) буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 26
- Кабыл алынган күнү: 19.01.2016
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 19.01.2016
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/214979>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-14880/edition/708677/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/214979.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 19.01.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Премьер-министринин 2016-жылдын 19-январындагы № 26 (Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөттүк делегациясынын топографиялык-жерге жайгаштыруу жумушчу тобун Тажикстан Республикасына жиберүү тууралуу) буйругу (19.01.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/214979

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ БУЙРУК 2016-жылдын 19-январы № 26 Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөттүк делегациясынын жана тажик-кыргыз мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча Тажикстан Республикасынын Өкмөтүнүн делегациясынын топографиялык-жерге жайгаштыруу жумушчу топторунун биргелешкен жолугушуусуна катышуу үчүн, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 18-беренесине ылайык:

1. Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөттүк делегациясынын топографиялык-жерге жайгаштыруу жумушчу тобу тиркемеге ылайык курамда 2016-жылдын 25-30-январында Тажикстан Республикасынын Согду облусунун Бобожон Гафуров районуна жиберилсин.

2. Командировкалык чыгымдар Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 26-августундагы № 471 "Командировкалык чыгымдардын нормаларын белгилөө жана алардын ордун толтуруу тартиби жөнүндө" токтомунда белгиленген ченемдерге ылайык командировкага жиберүүчү уюмдардын эсебинен төлөнсүн.

Премьер-министр

Т.А. Сариев

Тиркеме Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөттүк делегациясынын топографиялык-жерге жайгаштыруу жумушчу тобунун КУРАМЫ

Искандаров Курбанбай Алибаевич

\-

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчисинин биринчи орун басары рангындагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чек ара маселелери боюнча атайын өкүлү;

Касмалиев Ажыбек Кадыркулович

\-

Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин "Кыргызмамжердолбоорлоо" жерге жайгаштыруу боюнча мамлекеттик долбоорлоо институту" мамлекеттик ишканасынын директору, топографиялык-жерге жайгаштыруу жумушчу тобунун жетекчиси;

Абдырахманов Сайитбек Кутбаевич

\-

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары;

Абдураимов Бекназар Элмуратович

\-

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чек ара маселелери боюнча атайын өкүлүнүн катчылыгынын эксперти;

Калматов Азамат Маматысакович

\-

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин бөлүмүнүн начальниги;

Эралиев Таалай Каскаевич

\-

Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин эл аралык кызматташтык башкармалыгынын начальниги;

Мурзаев Абдималик Мурзаевич

\-

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы Мамлекеттик картография-геодезия кызматынын директорунун орун басары;

Ботобаев Каныбек Калбаевич

\-

Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин "Кыргызмамжердолбоорлоо" жерге жайгаштыруу боюнча мамлекеттик долбоорлоо институту" мамлекеттик ишканасынын директорунун орун басары;

Эргешов Абдиназар Мамытович

\-

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Кадастр жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо департаментинин Баткен райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча башкармалыгынын начальниги;

Мамаюсупов Исматилла Абдуллаевич

\-

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Кадастр жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо департаментинин Сүлүктү-Лейлек аймактык жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча башкармалыгынын начальниги;

Борубаев Назирбек Нарматович

\-

Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин "Кыргызмамжердолбоорлоо" жерге жайгаштыруу боюнча мамлекеттик долбоорлоо институту" мамлекеттик ишканасынын мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча түштүк региондук бөлүмүнүн начальниги;

Юнусов Чынгыз Амангелдиевич

\-

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин чектеш өлкөлөр департаментинин экинчи катчысы.
