Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн (Ата мекендик өндүрүүчүлөргө мамлекеттик колдоо көрсөтүү тууралу)
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2015-жылдын 24-декабры № 632-б Ата мекендик өндүрүүчүлөргө мамлекеттик колдоо көрсөтүү жана "Заман" жоопкерчилиги чектелген коомунун, "Береке Лтд" жоопкерчилиги чектелген коомунун туруктуу иштөөсүнө көмөк көрсөтүү, ошондой эле мурда бөлүнгөн мамлекеттик зайым каражаттарын кайра кайтарууну камсыздоо максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги:
- "Заман" жоопкерчилиги чектелген коомунун кредиттик карызын төмөнкүдөй шарттарда реструктураласын:
негизги сумма боюнча карызды жоюунун мөөнөттөрү ар квартал сайын улам өсүп туруучу төлөмдөр менен 2017-жылдын 15-октябрынан баштап 2029-жылдын 31-декабрына чейин белгиленсин; 2017-жылдын 15-октябрынан баштап күнүмдүк пайыздарды кошуп эсептөө жана жоюу негизги суммага жүргүзүлсүн; мурда кошуп эсептелген жана төлөнбөй калган пайыздар ушул буйрук чыккан күнгө капиталдаштырылсын, ошону менен бирге капиталдаштырылган сумманы жоюу 2030-жылдын 1-январынан баштап 2032-жылдын 31-декабрына чейин белгиленсин; төлөөлөрдүн мөөнөтү кечиктирилгендиги үчүн айыптык санкциялар жылдык 5 пайыз өлчөмүндө белгиленсин; негизги сумма боюнча карыз 2029-жылдын 31-декабрына чейинки мөөнөттө толук жоюлса, капиталдаштырылган сумма боюнча карыз жоюлду деп эсептелсин;
- "Береке Лтд" жоопкерчилиги чектелген коомунун кредиттик карызын төмөнкүдөй шарттарда реструктураласын:
негизги сумма боюнча карызды жоюунун мөөнөттөрү ар квартал сайын улам өсүп туруучу төлөмдөр менен 2017-жылдын 15-январынан баштап 2022-жылдын 31-декабрына чейин белгиленсин; пайыздык ставка жылдык 2,5 пайыз өлчөмүндө белгиленсин, 2017-жылдын 15-январынан баштап күнүмдүк пайыздарды кошуп эсептөө жана жоюу негизги суммага жүргүзүлсүн; мурда кошуп эсептелген жана төлөнбөй калган пайыздар жана айыптык санкциялар ушул буйрук чыккан күнгө капиталдаштырылсын, ошону менен бирге капиталдаштырылган суммаларды жоюу 2023-жылдын 1-январынан баштап 2025-жылдын 31-декабрына чейин белгиленсин; төлөөлөрдүн мөөнөтү кечиктирилгендиги үчүн айыптык санкциялар жылдык 5 пайыз өлчөмүндө белгиленсин; негизги сумма боюнча карыз 2022-жылдын 31-декабрына чейинки мөөнөттө толук жоюлса, капиталдаштырылган суммалар боюнча карыз жоюлду деп эсептелсин.
2. "Заман" жоопкерчилиги чектелген коомуна жана "Береке Лтд" жоопкерчилиги чектелген коомуна үч айлык мөөнөттө төмөнкүлөр сунушталсын:
- ушул буйруктун 1-пунктунда көрсөтүлгөн шарттарда мурда түзүлгөн карыздык милдеттенмелерге кошумча макулдашууларды түзүү;
- күрөөгө коюлган мүлктү кайра баалоо жана күрөө келишимдерине кошумча макулдашууларды түзүү.
3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги "Заман" жоопкерчилиги чектелген коому жана "Береке Лтд" жоопкерчилиги чектелген коому ушул буйруктун 1-пунктунда көрсөтүлгөн шарттарга ылайык карызды жойбогон учурда ишканаларды банкрот деп жарыялаганга чейинки чараларды көрүү менен карызды мажбурлап өндүрүүгө киришсин.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 12-сентябрындагы № 510-б буйругу күчүн жоготту деп таанылсын.
5. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредит саясаты бөлүмүнө, өнөр жай, отун-энергетикалык комплекси жана кен пайдалануу бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр
Т.А. Сариев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
- КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 12-сентябрындагы № 510-б ("Заман" жоопкерчилиги чектелген коомунун техникалык кредит боюнча KFW банкына карызын жоюунун мөөнөтүн узартуу боюнча) буйругуРаспоряжение · 12.09.2009 · № 510-р · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (2)
- КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 12-сентябрындагы № 510-б ("Заман" жоопкерчилиги чектелген коомунун техникалык кредит боюнча KFW банкына карызын жоюунун мөөнөтүн узартуу боюнча) буйругуРаспоряжение · 12.09.2009 · № 510-р · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон