# КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 23-декабрындагы № 627-б (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 18-мартындагы № 95-б буйругуна өзгөртүү киргизүү тууралу) буйругу

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 23-декабрындагы № 627-б (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 18-мартындагы № 95-б буйругуна өзгөртүү киргизүү тууралу) буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 627-р
- Кабыл алынган күнү: 23.12.2015
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 23.12.2015
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/214937>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-14839/edition/693782/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/214937.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.12.2015 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 23-декабрындагы № 627-б (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 18-мартындагы № 95-б буйругуна өзгөртүү киргизүү тууралу) буйругу (23.12.2015 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/214937

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2015-жылдын 23-декабры № 627-б Мамлекеттик менчик объектилерин натыйжалуу пайдалануу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 18-мартындагы № 95-б буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- 1-пункттун экинчи-алтынчы абзацтары күчүн жоготту деп таанылсын;

- 2-пункттагы "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты," деген сөздөр алып салынсын;

- 3-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"3. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана инвестициялар бөлүмүнө жүктөлсүн.".

Премьер-министр

Т.А. Сариев
