# КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 22-декабрындагы № 618-б (Автомобиль жолунун участогун муниципалдык жолдор категориясынан жалпы пайдаланылуудагы автомобиль жолдору категориясына которуу тууралуу)

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 22-декабрындагы № 618-б (Автомобиль жолунун участогун муниципалдык жолдор категориясынан жалпы пайдаланылуудагы автомобиль жолдору категориясына которуу тууралуу)
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 618-р
- Кабыл алынган күнү: 22.12.2015
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 22.12.2015
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/214931>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-14833/edition/693832/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/214931.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 22.12.2015 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 22-декабрындагы № 618-б (Автомобиль жолунун участогун муниципалдык жолдор категориясынан жалпы пайдаланылуудагы автомобиль жолдору категориясына которуу тууралуу) (22.12.2015 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/214931

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2015-жылдын 22-декабры № 618-б Автомобиль жолун натыйжалуу пайдалануу максатында, "Автомобиль жолдору жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 10-беренесине ылайык:

1. Чүй облусунун Сокулук районундагы Жаңы-Жер айылдык аймагынын Жаңы-Жер жана Зеленое айылдарынын ортосундагы автомобиль жолунун Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын № 19 мекемесине алып баруучу узундугу 5,8 км болгон участогу муниципалдык жолдор категориясынан жалпы пайдаланылуудагы автомобиль жолдору категориясына которулсун.

2. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги:

- ушул буйруктун 1-пунктунда аталган автомобиль жолун белгиленген тартипте ыкчам башкарууга кабыл алсын;

- ыкчам башкарууга кабыл алынган жол участогун 2016-жылга жана кийинки жылдарга республикалык бюджетте Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине каралган каражаттардын эсебинен жана анын чегинде капиталдык оңдоону жана күтүүнү камсыз кылсын.

3. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын курулуш, транспорт жана коммуникациялар бөлүмүнө жүктөлсүн.

Премьер-министр

Т.А. Сариев
