КР Өкмөтүнүн (Автомобиль жолунун участогун муниципалдык жолдор категориясынан жалпы пайдаланылуудагы автомобиль жолдору категориясына которуу тууралуу)
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2015-жылдын 22-декабры № 618-б Автомобиль жолун натыйжалуу пайдалануу максатында, "Автомобиль жолдору жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 10-беренесине ылайык:
1. Чүй облусунун Сокулук районундагы Жаңы-Жер айылдык аймагынын Жаңы-Жер жана Зеленое айылдарынын ортосундагы автомобиль жолунун Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын № 19 мекемесине алып баруучу узундугу 5,8 км болгон участогу муниципалдык жолдор категориясынан жалпы пайдаланылуудагы автомобиль жолдору категориясына которулсун.
2. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги:
- ушул буйруктун 1-пунктунда аталган автомобиль жолун белгиленген тартипте ыкчам башкарууга кабыл алсын;
- ыкчам башкарууга кабыл алынган жол участогун 2016-жылга жана кийинки жылдарга республикалык бюджетте Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине каралган каражаттардын эсебинен жана анын чегинде капиталдык оңдоону жана күтүүнү камсыз кылсын.
3. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын курулуш, транспорт жана коммуникациялар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр
Т.А. Сариев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (1)
- Автомобиль жолдору жөнүндөЗакон · 02.06.1998 · № 72 · Күчүн жоготкон