Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн буйругуна өзгөртүү киргизүү тууралу) буйругу
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ БУЙРУК 2015-жылдын 7-декабры № 589-б Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүн башкарууну өркүндөтүүгө карата иш-чараларды өз убагында ишке ашырууну камсыз кылуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүнө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 7-майындагы № 149-б буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 1-пунктундагы "2015" деген цифралар "2016" деген цифралар менен алмаштырылсын;
жогоруда аталган буйрук менен бекитилген 2014-2015-жылдарга Мамлекеттик социалдык камсыздандырууга карата камсыздандыруу төгүмдөрүн башкарууну өркүндөтүү боюнча иш-чаралар планында:
- аталышындагы "2015" деген цифралар "2016" деген цифралар менен алмаштырылсын;
- 1-пунктундагы "2014-жылдын II-III кварталдары" жана "2014-жылдын III кварталы" деген цифралар жана сөздөр "2015-жылдын IV кварталы" деген цифралар жана сөздөр менен алмаштырылсын;
- 2-пунктунда:
биринчи сабындагы "2014-жылдын III кварталы" деген цифралар жана сөздөр "2015-жылдын IV кварталы" деген цифралар жана сөздөр менен алмаштырылсын; экинчи сабындагы "2014-жылдын IV кварталы" деген цифралар жана сөздөр "2016-жылдын I жарым жылдыгы" деген цифралар жана сөздөр менен алмаштырылсын; үчүнчү сабындагы "2014-жылдын III-IV кварталдары" деген цифралар жана сөздөр "2016-жылдын I жарым жылдыгы" деген цифралар жана сөздөр алмаштырылсын; төртүнчү сабында:
- "Ишке ашыруу мөөнөтү" графасындагы "2014 III кварталы" деген цифралар жана сөздөр "2015-жылдын II жарым жылдыгы - 2016-жылдын I кварталы" деген цифралар жана сөздөр менен алмаштырылсын;
- "Жооптуу аткаруучулар" графасындагы "МСК," деген аббревиатурадан кийин "("Ай-Ти-сервис" ММ)," деген сөздөр жана аббревиатура менен толукталсын, "("Инфо-Система" ММ)" деген сөздөр жана аббревиатура алып салынсын;
бешинчи сабындагы "2014-жылдын III-IV кварталдары" деген цифралар жана сөздөр "2015-жылдын IV кварталы - 2016-жылдын I жарым жылдыгы" деген цифралар жана сөздөр менен алмаштырылсын; алтынчы сабындагы "2014-жылдын декабры" деген цифралар жана сөздөр "2015-жылдын IV кварталы - 2016-жылдын I жарым жылдыгы" деген цифралар жана сөздөр менен алмаштырылсын; жетинчи сабында:
- "Ишке ашыруу мөөнөтү" графасындагы "2014-жылдын II-IV кварталдары" деген цифралар жана сөздөр "2015-жылдын II жарым жылдыгы" деген цифралар жана сөздөр менен алмаштырылсын;
- "Жооптуу аткаруучулар" графасындагы "("Инфо-Система" ММ)" деген сөздөр жана аббревиатура алып салынсын, "МСК," деген аббревиатурадан кийин "("Ай-Ти-сервис" ММ)," деген сөздөр жана аббревиатура менен толукталсын;
- 3-пунктундагы "2014-жылдын IV кварталы" деген цифралар жана сөздөр "2015-жылдын IV кварталы - 2016-жылдын I жарым жылдыгы" деген цифралар жана сөздөр менен алмаштырылсын;
- 4-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"
4
Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүн башкаруу боюнча пилоттук долбоорду ишке киргизүү
Бишкек шаарынын Октябрь району жана Чүй облусунун Сокулук району боюнча салык органдарында камсыздандыруу төгүмдөрүн башкаруу боюнча пилоттук долбоорду жүргүзүү
2015-жылдын декабры - 2016-жылдын I жарым жылдыгы
МСК, СФ
Камсыздандыруу төгүмдөрүн чогултуу, камсыздандыруу төгүмдөрүнүн эсептелинишине жана төлөнүшүнө контроль жүргүзүү боюнча функцияларды жана ыйгарым укуктарды Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматына өткөрүп берүү
";
- кыскартуулардын тизмесинин бешинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Ай-Ти-сервис" ММ" - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын алдындагы "Ай-Ти-сервис" мамлекеттик мекемеси".
Премьер-министр
Т.А. Сариев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (2)
- КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 7-майындагы № 149-б (2014-2015-жылдарга Мамлекеттик социалдык камсыздандырууга карата камсыздандыруу төгүмдөрүн башкарууну өркүндөтүү боюнча иш-чаралар…Распоряжение · 07.05.2014 · № 149-р
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон