# КР Премьер-министринин 2015-жылдын 7-декабрындагы № 575 (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Ювеналдык юстиция боюнча ведомстволор аралык координациялык кеңештин курамын бекитүү тууралуу) буйругу

- Толук аталышы: КР Премьер-министринин 2015-жылдын 7-декабрындагы № 575 (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Ювеналдык юстиция боюнча ведомстволор аралык координациялык кеңештин курамын бекитүү тууралуу) буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 575
- Кабыл алынган күнү: 07.12.2015
- Редакциянын күнү: 08.09.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/214910>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-14812/edition/1280757/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/214910.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 08.09.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Премьер-министринин 2015-жылдын 7-декабрындагы № 575 (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Ювеналдык юстиция боюнча ведомстволор аралык координациялык кеңештин курамын бекитүү тууралуу) буйругу (08.09.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/214910

---

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын 2023-жылдын 8-сентябрындагы № 466 тескемесине ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ БУЙРУК 2015-жылдын 7-декабры № 575 (Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2016-жылдын 27-июнундагы № 343, 2016-жылдын 30-декабрындагы № 725, 2018-жылдын 12-мартындагы № 150, 2018-жылдын 4-майындагы № 320, 2018-жылдын 18-декабрындагы № 743, 2020-жылдын 10-мартындагы № 151 буйруктарынын редакцияларына ылайык)

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 3-майындагы № 232 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Ювеналдык юстиция боюнча ведомстволор аралык координациялык кеңеш жөнүндө жобону ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 18-беренесине ылайык:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Ювеналдык юстиция боюнча ведомстволор аралык координациялык кеңештин курамы тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:

- Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2014-жылдын 25-декабрындагы № 547 буйругу;

- Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2015-жылдын 24-мартындагы № 69 буйругу;

- Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2015-жылдын 28-июлундагы № 346 буйругу.

Премьер-министр

Т.А. Сариев

Тиркеме Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Ювеналдык юстиция боюнча ведомстволор аралык координациялык кеңештин КУРАМЫ

(Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2016-жылдын 27-июнундагы № 343, 2016-жылдын 30-декабрындагы № 725, 2018-жылдын 12-мартындагы № 150, 2018-жылдын 4-майындагы № 320, 2018-жылдын 18-декабрындагы № 743, 2020-жылдын 10-мартындагы № 151 буйруктарынын редакцияларына ылайык)

Омурбекова Алтынай Сейитбековна

\-

Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри, Ведомстволор аралык координациялык кеңештин төрагасы;

Маматканов Улан Эркинович

\-

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы, Ведомстволор аралык координациялык кеңештин төрагасынын орун басары;

Араев Азамат Муратович

\-

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысы, Ведомстволор аралык координациялык кеңештин төрагасынын орун басары;

Баялиева Кундуз Искендербековна

\-

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнүн эксперти, Ведомстволор аралык координациялык кеңештин катчысы;

Мамидинова Чинара Кудайбердиевна

\-

Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин статс-катчысы;

Ведомстволор аралык координациялык кеңештин мүчөлөрү:

Сыдыков Аскат Шаршекович

\-

Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун судьясы (макулдашуу боюнча);

Дүйшөмбиев Нурлан Касымбекович

\-

Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун орун басары (макулдашуу боюнча);

(Абзац Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2018-жылдын 12-мартындагы № 150 буйругуна ылайык күчүн жоготту)

Эгембердиев Асхат Раимжанович

\-

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасынын биринчи орун басары;

Орозалиев Алмазбек Кыдырмаевич

\-

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министринин орун басары;

Солтонбекова Ализа Карыпбековна

\-

Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары;

Каратаев Мадемин Мусаевич

\-

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министринин орун басары;

Калбеков Акжол Сабырович

\-

Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин алдындагы Мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды координациялоо боюнча борбордун директору;

Парханов Мирлан Абдивалиевич

\-

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун орун басары;

Асанов Уланбек Жалалович

\-

Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун төрагасынын орун басары;

Жусупбекова Надира Сынташевна

\-

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министринин орун басары;

Молдокул уулу Данияр

\-

Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин алдындагы Пробация департаментинин директорунун орун басары;

Кузнецова Татьяна Анатольевна

\-

Бишкек шаарынын вице-мэри (макулдашуу боюнча);

Кадыров Нурбек Суйунович

\-

Ош шаарынын вице-мэри (макулдашуу боюнча);

Зайченко Елена Семеновна

\-

БУУнун (ЮНИСЕФ) Кыргыз Республикасындагы Балдар фондунун Балдарды коргоо боюнча программасынын жетекчиси (макулдашуу боюнча);

Байдылдаев Мурат Курманбекович

\-

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун орун басары;

Шейшекеева Гульнара Санташевна

\-

"Укук борбору" коомдук фондунун директору (макулдашуу боюнча);

Бекембаева Гульжан Тургазиевна

\-

"Инсан мууну" коомдук фондунун директору (макулдашуу боюнча).

Райымкулов Билим Сардалбекович

Кыргыз Республикасынын Адвокатурасынын Адвокаттар кеңешинин төрагасы (макулдашуу боюнча);
