# КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 16-ноябрындагы № 551-б ("Баткен облусунун Кадамжай районундагы Бүргөндү массивинин жерлерин өздөштүрүү" ирригациялык объектиндеги негизги курулмаларды курууну 2016-жылдын 1-январына чейин бүткөрсүү максаты) жөнүндө

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 16-ноябрындагы № 551-б ("Баткен облусунун Кадамжай районундагы Бүргөндү массивинин жерлерин өздөштүрүү" ирригациялык объектиндеги негизги курулмаларды курууну 2016-жылдын 1-январына чейин бүткөрсүү максаты) жөнүндө
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 551-р
- Кабыл алынган күнү: 16.11.2015
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 16.11.2015
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/214898>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-14800/edition/693880/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/214898.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 16.11.2015 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 16-ноябрындагы № 551-б ("Баткен облусунун Кадамжай районундагы Бүргөндү массивинин жерлерин өздөштүрүү" ирригациялык объектиндеги негизги курулмаларды курууну 2016-жылдын 1-январына чейин бүткөрсүү максаты) жөнүндө (16.11.2015 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/214898

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2015-жылдын 16-ноябры № 551-б

1. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлиги "Баткен облусунун Кадамжай районундагы Бүргөндү массивинин жерлерин өздөштүрүү" ирригациялык объектиндеги негизги курулмаларды курууну 2016-жылдын 1-январына чейин бүткөрсүн.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү төмөнкүлөрдү камсыздасын:

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги менен бирге Баткен облусунун Кадамжай районундагы Бүргөндү массивин куруунун башкы планынын долбоорун иштеп чыгууну 2016-жылдын 1-январына чейин бүткөрүүнү;

- Баткен облусунун Кадамжай районундагы Бүргөндү массивинин жаңы сугат жерлерин максаттуу пайдаланууну жана бөлүштүрүүнү.

3. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөржай комплекси жана экология бөлүмүнө, курулуш. транспорт жана коммуникациялар бөлүмүнө жүктөлсүн.

Премьер-министр

Т.А. Сариев
