# КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 23-ноябрындагы № 569-б ("Альфа Телеком" жабык акционердик коомунун акцияларынын 100 пайызын сатуу боюнча коммерциялык конкурс өткөрүү тууралуу) буйругу

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 23-ноябрындагы № 569-б ("Альфа Телеком" жабык акционердик коомунун акцияларынын 100 пайызын сатуу боюнча коммерциялык конкурс өткөрүү тууралуу) буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 569-р
- Кабыл алынган күнү: 23.11.2015
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 26.01.2016
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/214862>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-14764/edition/696306/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/214862.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 26.01.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 23-ноябрындагы № 569-б ("Альфа Телеком" жабык акционердик коомунун акцияларынын 100 пайызын сатуу боюнча коммерциялык конкурс өткөрүү тууралуу) буйругу (26.01.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/214862

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК (КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 26-январындагы № 22-б буйругунун редакциясына ылайык) 2015-жылдын 23-ноябры № 569-б Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 29-июнундагы № 5408-V токтому менен бекитилген 2015-2017-жылдарга Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик менчикти менчиктештирүү программасын ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине, "Кыргыз Республикасында мамлекеттик менчикти менчиктештирүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 4 жана 15-беренелерине ылайык:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд:

- "Альфа Телеком" жабык акционердик коомунун акцияларынын 100 пайызын сатуу боюнча коммерциялык конкурсту мыйзамдарда белгиленген тартипте даярдасын жана өткөрсүн;

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд:

- "Альфа Телеком" жабык акционердик коомунун акцияларынын 100 пайызын сатуу боюнча аукционду мыйзамдарда белгиленген тартипте даярдасын жана өткөрсүн;

- (3-абзац КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 26-январындагы № 22-б буйругуна ылайык күчүн жоготту)

- (4-абзац КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 26-январындагы № 22-б буйругуна ылайык күчүн жоготту)

(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 26-январындагы № 22-б буйругунун редакциясына ылайык)

2. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана инвестициялар бөлүмүнө жүктөлсүн.

Премьер-министр

Т.А. Сариев
